Токаев Нурлыбек Налибаевди Казакстандын биринчи вице-премьер-министри кылып дайындады
Президент Касым-Жомарт Токаев биринчи вице-премьер-министрди дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду Бул кызматты 2022-жылдын апрелинен бери Кызылорда облусунун акими болуп иштеп келген Нурлыбек Налибаев ээлеген 50 жаштагы Нурлыбек Налибаев эмгек жолун 1997–1998-жылдары мунай жана мунай продуктулары

Президент Касым-Жомарт Токаев биринчи вице-премьер-министрди дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду Бул кызматты 2022-жылдын апрелинен бери Кызылорда облусунун акими болуп иштеп келген Нурлыбек Налибаев ээлеген 50 жаштагы Нурлыбек Налибаев эмгек жолун 1997–1998-жылдары мунай жана мунай продуктулары боюнча эксперт болуп баштаган. 1998–2005-жылдары жеке коммерциялык структураларда жетекчилик кызматтарда иштеген. 2005-жылдан бери өзү туулуп-өскөн Кызылорда шаарынын жана Кызылорда облусунун акимдигинде жетекчилик кызматтарды аркалаган Бир күн мурун өлкө башчысы, Казакстандын президенти Акордада ротация жүргүзүп, анын администрация башчысын алмаштырган Бул кызматка 2024-жылдан бери президенттик аппаратты жетектеп келген Айбек Дадебаевдин ордуна Роман Скляр дайындалды. Ал мурда ээлеген биринчи вице-премьер-министр кызматынан бошотулду Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

