Тегеран учкучсуз учактарды учурду. Ал эми АКШ Ирандын буталарына сокку урду
Америкалык аскерлер Горук жана Кешм аралындагы Ирандын радарларына кол салышты. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCON) билдирди "АКШнын куралдуу күчтөрү Ирандын Горуктагы жана Кешм аралындагы жээктеги радар станцияларына сокку урду", — деп айтылат командачылыктын X социалдык тармагы

Америкалык аскерлер Горук жана Кешм аралындагы Ирандын радарларына кол салышты. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCON) билдирди "АКШнын куралдуу күчтөрү Ирандын Горуктагы жана Кешм аралындагы жээктеги радар станцияларына сокку урду", — деп айтылат командачылыктын X социалдык тармагындагы жарыясында Командачылык ошондой эле Ормуз кысыгына карай учурулган ирандык төрт учкучсуз учакты атып түшүргөнүн тастыктады CNN америкалык аткаминерге таянып, Иран армиясы Ормуз кысыгына карай бир нече учкучсуз учактарды учурганын билдирди. Анын айтымында, америкалык аскерлер алардын кеминде төртөөнү атып түшүргөн. Ал кол салуулардын бутасы коммерциялык кемелер же аймактагы америкалык күчтөр болушу мүмкүн экенин тактады


