TDT мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын кеңеши финансы секторун өнүктүрүүдө экономикалык тыгыз кызматташтыкка көмөктөшөт
Азербайжандын Борбордук банкында (ББА) “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктар кеңешинин” экинчи жыйыны өттү Борбордук банктан AZERFA агенттигине билдиришкендей, жыйынга байкоочу катары ТДТнын башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Казакстандын Улуттук банкынын делегацияс

Азербайжандын Борбордук банкында (ББА) “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктар кеңешинин” экинчи жыйыны өттү Борбордук банктан AZERFA агенттигине билдиришкендей, жыйынга байкоочу катары ТДТнын башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Казакстандын Улуттук банкынын делегациясы, Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Түркиянын борбордук банктарынын төрагалары, ошондой эле Венгриянын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбордук банктарынын төрагалары катышты Борбордук банктын төрагасы Талех Казимов бул кеңеш өлкөлөр менен мекемелердин ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын айтты. Төрага бул кеңеш глобалдык жана аймактык экономикада белгисиздиктер күчөп, каржы рынокторунда индекстердин туруксуздугу өсүп, санариптик технологияларды колдонуу кеңейип жаткан учурда жалпы жана өлкөгө тиешелүү маселелерди чечүү үчүн маанилүү аянтча экенин айтты. Ал белгилегендей, кеңеш акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук жана каржы секторун өнүктүрүү жаатында тыгыз экономикалык жана финансылык кызматташууга көмөктөшөт Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев кеңештин акыркы эки жылдагы ишмердүүлүгү, мүчө-өлкөлөр ортосундагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу айтып берди Кийинчерээк «Орто мөөнөттүү келечекте глобалдык жана аймактык тобокелдиктерге каршы борбордук банктардын акча-кредиттик жана каржы саясатынын чаралары» темасына арналган биринчи сессия башталды. Борбордук банктын башкы директору Вугар Ахмадов баяндама жасап, дүйнөлүк экономикада жана каржы секторунда болуп жаткан окуяларды эске алуу менен акча-кредит саясаты жана финансылык туруктуулук саясаты, ошондой эле алардын жыйынтыктары боюнча өлкөнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Презентациянын соңунда суроо-жооп болуп, андан соң тема боюнча делегациялардын сүйлөгөн сөздөрү угулду Жыйындын экинчи сессиясында “Санариптик каржылык экосистемаларды, анын ичинде финансылык технологияларды өнүктүрүү” темасы талкууланды. Борбордук банктын Финансылык технологиялар жана инновациялар департаментинин директору Фидан Тофиди өлкөнүн санариптик финансылык экосистеманы өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады. Суроо-жооптордон кийин делегациялардын суйлеген сездеру угулду Сөздөрдүн жүрүшүндө катышуучулар аймактык жана глобалдык маанилүү аянтча катары кеңештин ишмердүүлүгүн мындан ары кеңейтүүнүн, ошондой эле борбордук банктардын ортосундагы эффективдүү өз ара мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти Жолугушуунун расмий бөлүгүнүн соңунда жетишилген макулдашуулар жана келечектеги кызматташуу багыттары чагылдырылган «Коммюникеге» кол коюлду. Кеңештин үчүнчү жыйыны 2027-жылы Түркияда өтөөрү белгилүү болду 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


