Изилдөө: Мангр токойлору калыбына келүүдө
Окумуштуулар миллиондогон адамдарды бороон-чапкындардан коргоп, эбегейсиз көлөмдөгү парник газдарын өзүнө сиңирген дүйнөнүн жээгиндеги мангр токойлору күтүүсүз калыбына келе баштаганын аныкташты Балык чарбаларын жана калктуу пункттарды тузуу учун бак-дарактарды кыюунун натыйжасында бул саздак жерл

Окумуштуулар миллиондогон адамдарды бороон-чапкындардан коргоп, эбегейсиз көлөмдөгү парник газдарын өзүнө сиңирген дүйнөнүн жээгиндеги мангр токойлору күтүүсүз калыбына келе баштаганын аныкташты Балык чарбаларын жана калктуу пункттарды тузуу учун бак-дарактарды кыюунун натыйжасында бул саздак жерлердин келему тездик менен кыскарып бараткандыгын АЗЕРТА чет елкелук басма сезге таянып билдирет Бирок жаңы изилдөө көрсөткөндөй, 2010-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча мангр токойлорунун өсүшү жоготуулардан ашып кетти. Бул укуктук коргоо чараларын күчөтүү жана 2004-жылы Инди океанындагы цунами сыяктуу кырсыктардан кийин бул токойлордун коомдогу мааниси жөнүндө маалымдуулуктун жогорулашына байланыштуу Бирок чечүүчү фактор бул токойлордун табигый түрдө кайра жаралуу жөндөмдүүлүгү, деп белгилешет изилдөөчүлөр. Адамдар аларды кыюуну токтотор замат, мангрлар кайра өсө баштайт Мангр токойлору айлана-чөйрөнү коргоодогу ролу көп учурда бааланбаган табигый коргонуунун бири болуп саналат. Кургак токойлорго караганда көмүр кычкыл газын беш эсе көп сиңирип алуудан тышкары, алардын чырмалышкан тамырлары толкундарды жаап, жээктеги калктуу конуштарды бороон-чапкындан жана цунамиден коргой алат. Бул тамырлар ошондой эле балыктын жана башка деңиз жандыктарынын көптөгөн түрлөрү үчүн идеалдуу көбөйүүчү жерди түзүп, аларды жырткычтардан коргойт жана аларды мол азык менен камсыз кылат Бирок акыркы жүз жылдын ичинде бул артыкчылыктарга олуттуу коркунуч келтирилген. Балыкчылыктын жана айыл чарбасынын енугушу-нун, ошондой эле жээктеги шаарлардын жана поселоктордун ке-цейишинин натыйжасында мангр токойлору кыйылып, тез жок кылынды Бирок, жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул тенденцияда, айрыкча, акыркы он жылдыкта чыныгы тескери өзгөрүүлөр болгон. Жалпы таза жоготуу, башкача айтканда, жок кылынган жана кийин калыбына келтирилбеген токой аянты 1980-жылдарга салыштырганда азыр болжол менен 849 чарчы километрге азайды Токойлорду калыбына келтирүү багытында көп жылдар бою жүргүзүлүп жаткан иштер бузулган токой массивдерин кайра калыбына келтирүүгө өбөлгө түздү. Бирок негизги өзгөрүү дүйнөнүн көп жерлеринде жыгач кыюу азайгандан кийин мангр токойлорунун табигый жайылышы менен шартталган Бул мангр токойлору эң кеңири жайылган эки өлкөдө – Индонезияда токой аянттарын турукташтырууга, ал эми Мьянмада көбөйтүүгө мүмкүндүк берди Жаңы изилдөөдө Landsat спутниктеринин маалыматтары колдонулган, бул өсүмдүктөрдүн катмарынын өзгөрүшүнө такыраак мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мунун аркасында илимпоздор буга чейинки болжолдонгондон көбүрөөк жаңы мангр аянтын табышкан 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


