Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ташкентте Борбор Азия жана АКШнын маданият министрлеринин жолугушуусу өттү

Ташкент шаарында 5-июнда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын маданият министрлеринин «С5+1» форматындагы жолугушуусу өттү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага АКШнын мамлекеттик катчысынын коомдук дипломатия маселелери боюнча орун ба

0 көрүүazattyk.org
Ташкентте Борбор Азия жана АКШнын маданият министрлеринин жолугушуусу өттү
Paylaş:

Ташкент шаарында 5-июнда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын маданият министрлеринин «С5+1» форматындагы жолугушуусу өттү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага АКШнын мамлекеттик катчысынын коомдук дипломатия маселелери боюнча орун басары Сара Рожерс катышты Тараптар маданий кызматташтыкты чыңдоо, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты Министр Мирбек Мамбеталиев маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн, Улуу Жибек жолу алкагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда маданий жайларды санариптештирүү жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объектилерди сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди Мындан тышкары министр 7-12-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган IV Бишкек эл аралык кинофестивалы тууралуу айтып берип, алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга делегацияларды чакырды Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августта башталып, 6-сентябрда жыйынтыкталат. (КЕ)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler