Tenqri
Башкы бет
Маданият

Тарых, архитектура жана искусство жолуккан жерде - ФОТО

Day.Az AZERTACтын “Эгер мен турист болсом” рубрикасын сунуштайт: Азербайжан улуттук искусство музейи Азербайжан улуттук искусство музейи Баку шаары, Ниязи көчөсү, 11/9 дарегинде жайгашкан. Быйыл 90 жашка толгон музей өлкөнүн алдыңкы маданий мекемелеринин бири гана эмес, Азербайжандын бай көркөм мур

0 көрүүday.az
Тарых, архитектура жана искусство жолуккан жерде - ФОТО
Paylaş:

Day.Az AZERTACтын “Эгер мен турист болсом” рубрикасын сунуштайт: Азербайжан улуттук искусство музейи Азербайжан улуттук искусство музейи Баку шаары, Ниязи көчөсү, 11/9 дарегинде жайгашкан. Быйыл 90 жашка толгон музей өлкөнүн алдыңкы маданий мекемелеринин бири гана эмес, Азербайжандын бай көркөм мурасын сактаган маанилүү мейкиндик Музейдин фонду алты негизги коллекциядан турат: «Сүрөт», «Графика», «Скульптура», «Сайма», «Металл», «Археологиялык керамика жана фарфор». Мында 18 мицден ашык экспонат сакталган. Булар азербайжан искусствосунун ар турдуу мезгилдерин камтыган живопись, графика, скульптура жана декоративдик искусствонун мисалдары Муну менен катар көргөзмөдө Батыш Европанын, Россиянын жана Чыгыштын баалуу искусство чыгармалары коюлган. 16—20-кылымдардагы орус авангардынын жана батыш европалык живопистин коллекциялары керуучулерду езгече кызыктырат Музей бир гана көргөзмө аянты эмес, билим берүү жана маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү искусство борбору катары да иштейт. Бул жерде кергезмелердун айланасында ар турдуу экскурсиялар уюштурулат. Шаршемби күндөрү улуттук жана дүйнөлүк музыканы камтыган концерттик программалар тартууланат. Ал эми дем алыш күндөрү балдар үчүн искусство тарыхы боюнча билим берүү жана оюн-зоок программалары өткөрүлөт, ошондой эле Азербайжан искусствосуна арналган даректүү тасмалар көрсөтүлөт Азербайжан улуттук искусство музейинин эки тарыхый имараты өзгөчө архитектуралык стили менен көңүлдөрдү бурат. 2013-жылы бул имараттар айнек жана темир конструкциялардан жасалган өтмөк аркылуу туташтырылган. Музейдин жаңы борбордук имаратында заманбап искусствонун көргөзмөлөрү жана түрдүү маданий долбоорлор уюштурулган Текстте ката байкадыңызбы? Текстти тандап, тергичтен Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз

Kaynak: news.day.az

Diğer Haberler