Талибдер Гератта демонстранттарга ок атышты. Демонстранттар арасында каза болгондор катталды
Ооганстандагы талиптер 9-июнда Герат шаарында аялдардын укугун коргоп сүйлөгөн демонстранттарды таратуу үчүн курал колдонду Нааразылык акциясы талиптер аялдарды бети менен денесин толук жабууну талап кылган ислам кийиминин милдеттүү талаптарын бузду деген айып менен кармады деген маалыматтан кийин

Ооганстандагы талиптер 9-июнда Герат шаарында аялдардын укугун коргоп сүйлөгөн демонстранттарды таратуу үчүн курал колдонду Нааразылык акциясы талиптер аялдарды бети менен денесин толук жабууну талап кылган ислам кийиминин милдеттүү талаптарын бузду деген айып менен кармады деген маалыматтан кийин болду Окуяга күбө болгондордун бири “Азаттыктын” ооган кызматына кеминде бир адам өлүп, бир нечеси жарадар болгонун билдирди "Алар митингчилерге ок чыгарып, 20дан ашык адамды жарадар кылышты. Бир адам каза болду", — деди күбө Талибандын өкүлдөрү жабырлануучулардын бар экенин да, камакка алуу фактыларын да четке кагууда “Азаттык” тараптардын айткандарын өз алдынча ырастай да, төгүндөй да албайт Эл аралык эксперт, БУУнун Ооганстандагы адам укуктарынын абалы боюнча атайын баяндамачысы Ричард Беннетт демонстранттарга каршы “ашыкча күч колдонууну” айыптады Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


