Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

“Талибан” мамлекеттик кызматкерлердин смартфон колдонушуна тыюу салды

Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылынын башчысы Хайбатулла Ахундзада талибдерге жана мамлекеттик кызматкерлерге смартфон колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Afghanistan International тиешелүү документке шилтеме менен кабарлады. Бирок ал эмне деген документ экени такталган жок. Медиа андай буйрук

0 көрүүazattyk.org
“Талибан” мамлекеттик кызматкерлердин смартфон колдонушуна тыюу салды
Paylaş:

Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылынын башчысы Хайбатулла Ахундзада талибдерге жана мамлекеттик кызматкерлерге смартфон колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Afghanistan International тиешелүү документке шилтеме менен кабарлады. Бирок ал эмне деген документ экени такталган жок. Медиа андай буйрук оозеки берилгенин, аскердик соттор көрсөтмөнү бузгандарды жоопко тартарын маалымдады. Сотторго “буйруктун толук аткарылышын камсыздоо" тапшырмасы берилди Андан тышкары көзөмөлгө алынган адамдардын аты-жөнү, ээлеген кызматы, иштеген жери, телефон номуру, мобилдик оператор көрсөтүлгөн тизме түзүлмөкчү Бир нече күн мурун талибдердин Билим берүү министрлиги окуучуларга мектептерге чөнтөк телефондорду алып келүүгө тыюу салган. Ага чейин жогорку билим берүү министри смартфондорду “мусулмандардын негизги үч душманынын бири” деп атаган Былтыр октябрда ал университеттерге жана окуу жайларына жумуш күн учурунда жана окуу жайлардын аймагында мобилдик телефондорду пайдаланууга болбойт деген көрсөтмө берген. Ошол эле маалда ректорлор менен окуу борборлорунун жетекчилирине андай чектөө жайылбайт деп айтылган “Талибан” ашынган исламчыл уюму АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган. 2021-жылдын августунда Ооганстандагы бийликти кайра басып алгандан бери “адепсиздикти” алдын алуу чарасы деп интернетти чектеген Байкоочулар дүйнөлүк желени өчүрүү, мобилдик телефондорго тыюу салуу топтун жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын басмырлоо багытына шайкеш келерин белгилешет Талибдердин өкмөтүн Орусиядан башка өлкөлөр расмий тааныган эмес

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler