Тажикстан 15 миң гектар жерди орусиялык БТК компаниясына узак мөөнөткө пайдаланууга берет
Тажикстандын бийлиги орусиялык BTK Group компаниясы менен болгон келишимдин чоо-жайын ачыктады, - деп билдирет Ozodi радиосу - Azattyk Тажик кызматы Инвестициялар боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Фаррух Юсуфзода депутаттарга билдиргендей, жакынкы он жылда БТК Тажикстандын экономикасына 150

Тажикстандын бийлиги орусиялык BTK Group компаниясы менен болгон келишимдин чоо-жайын ачыктады, - деп билдирет Ozodi радиосу - Azattyk Тажик кызматы Инвестициялар боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Фаррух Юсуфзода депутаттарга билдиргендей, жакынкы он жылда БТК Тажикстандын экономикасына 150 миллион доллар инвестиция салып, пахта буласын кайра иштетүүчү завод курат Өз кезегинде Тажикстан компанияга пахта өстүрүү үчүн зарыл инфраструктура менен камсыздалган кеминде 15 миң гектар айыл чарба жерин бөлүп берүүнү убадалады. Бул жерлерди пайдалануу укугу туруктуу негизде же 20 жылдан кем эмес мөөнөткө берилет Бул жерлер Куляб облусундагы орусиялык компанияга өтөт деп болжолдонууда BTK Group менен келишимге 2025-жылдын октябрында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Тажикстанга жасаган иш сапарынын алкагында кол коюлган. Өлкө бийлиги кооперациянын максаты өнөр жайды өнүктүрүү экенин билдирген Озоди радиосунун иликтөөсүнө караганда, BTK Group төрт жылдан бери Украинадагы согушка катышкан орус армиясы үчүн аскердик кийимдерди чыгарат Компаниянын негиздөөчүсү жана негизги бенефициары Таймураз Боллоев Евробиримдиктин санкцияларында Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


