Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кызматтан кеткенден кийин Таалайбек Ибраев энергетика министри катары ишинин жыйынтыгын чыгарды

"Кечээ мен үчүн өзгөчө күн болду. Энергетика министрлигинде көп жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып, татыктуу эс алууга кеттим", - деп билдирди экс-энергетика министри Таалайбек Ибраев Фейсбук баракчасында Ал белгилегендей, энергетика тармагында акыркы жылдары «болбогон өзгөрүүлөр жана инновациялар»

0 көрүүkaktus.media
Кызматтан кеткенден кийин Таалайбек Ибраев энергетика министри катары ишинин жыйынтыгын чыгарды
Paylaş:

"Кечээ мен үчүн өзгөчө күн болду. Энергетика министрлигинде көп жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып, татыктуу эс алууга кеттим", - деп билдирди экс-энергетика министри Таалайбек Ибраев Фейсбук баракчасында Ал белгилегендей, энергетика тармагында акыркы жылдары «болбогон өзгөрүүлөр жана инновациялар» байкалган «Бүткүл республика боюнча кичи ГЭСтердин курулушу активдешти, күн электр станциялары курулду, тармак жаңы атайын жабдуулар жана техникалар менен камсыз болду, ондогон энергетикалык долбоорлор ишке киргизилди», - деп жазат экс-министр. «Борбордук Азиядагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун алдыга жылдыруу боюнча маанилүү иштер жүргүзүлүп, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлдү» «Өлкөнүн энергетикалык потенциалын кеңейтүү, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана энергетикалык тартыштыкты азайтуу боюнча олуттуу кадамдар жасалды Бул жетишкендиктердин ар биринин артында миндеген энергетиктердин эмгеги, тажрыйбасы жана ак ниети турат. Мен өзүмдү эч качан жалгыз лидер катары сезген эмесмин, тескерисинче, күчтүү жана кесипкөй команданын бир бөлүгү. Анткени чоң ийгиликтер ар дайым биримдиктен, өз ара ишенимден жана талыкпаган эмгектен жаралат», — деп жазган Ибраев Экс-министр ошондой эле энергетика тармагында иштеп жүргөндө жаш адистерди өстүрүү жана көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурганын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө алардын көбү жооптуу кызматтарда иштешет «Акыркы жылдары биз күнү-түнү иштеп, ар бир күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшадык.Ар бир курулган курулуштар, оңдолгон көмөкчордондор, калыбына келтирилген электр тармактары жана ишке киргизилген долбоор – бул өлкөбүздүн келечегине инвестиция», - деди Ибраев Мен өлкөбүздүн энергетика тармагында иштеген жылдарымды сыймыктануу менен эстейм. Мен кесиптештериме, энергетика тармагынын адистеринин чоң үй-бүлөсүнө жана ушул убакыт аралыгында мени колдогон бардык өнөктөштөрүмө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем "Бүгүнкү күндө тармакта күчтүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү команда түзүлдү. Мен терең ишенем, жүргүзүлүп жаткан реформалар, ири долбоорлор, стратегиялык демилгелер мындан ары да ийгиликтүү болот. Өз кезегинде өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган жакшы демилгелерди колдоого, көп жылдык тажрыйбам менен бөлүшүүгө, керек болсо жардам берүүгө ар дайым даярмын", - деп жыйынтыктады экс-министр Эске сала кетсек, 10-июнда президент Садыр Жапаров энергетика министри Таалайбек Ибраевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Буга чейин Энергетика министринин орун басары болуп иштеп келген Алтынбек Рысбеков Энергетика министрлигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болду. Анын талапкерлиги министр кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө жөнөтүлөт Таалайбек Ибраев энергетика министри болуп төрт жыл иштеген

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler