Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жеткирилди
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жана тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, Сырт өрөөнүндөгү Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак жана Ак-Шыйрак айыл аймактарынын жайлоолорунда калың кар жаа

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жана тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти Маалыматка ылайык, Сырт өрөөнүндөгү Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак жана Ак-Шыйрак айыл аймактарынын жайлоолорунда калың кар жааган. Буга байланыштуу малчылардан кабар алуу жана көмөк көрсөтүү максатында Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы баштаган ыкчам топ түзүлгөн. Куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жогоруда аталган аймактардагы малчылардан кабар алып, азык-түлүк жана 335 түк чөп жеткиришти


