Экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Алматыдагы СИЗОдо
Экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Урмат Үсөнов Алматыдагы No18 СИЗОдо. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына өздүк булактар билдирди Алардын айтымында, Урмат Усенов, Кыргызстандын эки жараны Э.Ж. жана А.Н., ошондой эле Казакстандын жараны Б.А. мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана тран

Экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Урмат Үсөнов Алматыдагы No18 СИЗОдо. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына өздүк булактар билдирди Алардын айтымында, Урмат Усенов, Кыргызстандын эки жараны Э.Ж. жана А.Н., ошондой эле Казакстандын жараны Б.А. мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана трансулуттук уюшкан топ түзүү боюнча шектелип жатышат Маалыматка ылайык, аларга Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 3-бөлүгү жана 214-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту “Кылмыштуу топ тарабынан мыйзамсыз ишкердикти уюштуруу”, ошондой эле 264-беренесинин 1-бөлүгү “Трансулуттук уюшкан топту же трансулуттук кылмыштуу уюмду түзүү, ошондой эле аны же анын түзүмдүк бөлүмүн башкаруу” боюнча айып тагылууда Алматынын Мамлекеттик киреше департаментинин адистери келтирилген зыяндын көлөмүн аныктап, 26 млн Ошол эле маалда кармалган кальян тамекинин баасы 46 миллион теңгеден ашуунга бааланган. Кармалган жалпы көлөмү, тергөөчүлөрдүн айтымында, 1,6 тоннадан ашат 10-мартта Алматынын райондор аралык адистештирилген тергөө соту шектүүлөрдү эки айга камакка алуу чечимин чыгарды


