Сузактын Төш айылында сел жүрүп, 20 үйдүн короосун суу каптады
Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 4-июнда саат 22:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Төш айылында сел жүрдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришкендей, кокту-колоттордон келген сел суулары айылдагы 20 турак үйдүн короосун каптаган. А

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 4-июнда саат 22:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Төш айылында сел жүрдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришкендей, кокту-колоттордон келген сел суулары айылдагы 20 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен эки турак үйдүн кампасына жана төрт турак үйдүн сарайына суу кирген Белгиленгендей, учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери кызуу уланууда


