Сурабалдиева “75-иш” боюнча соттук отурумда: Сот залында отургандардын айрымдары элди коркутканга көнүп калган
Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевге, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жана 75-июндагы иштин башка катышуучуларына карата иштин маңызы боюнча биринчи ачык соттук отурум ө

Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевге, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жана 75-июндагы иштин башка катышуучуларына карата иштин маңызы боюнча биринчи ачык соттук отурум өттү Ошондой эле соттук отурумда Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Эмил Узакбаев бар Соттук отурумга Азирет Медеров төрагалык кылууда Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева күбө катары катышып, ага УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы бир ирет суроо узатты Ал депутаттын Ташиев төңкөрүш же кандайдыр бир массалык баш аламандык даярдап жатканын кайдан билет деген жообуна канааттанган жок Сурабалдиева жооп катары өз тыянагын жасап, өз оюн билдирди Сурабалдиева: «Кимдир бирөөлөрдүн оозун жаап, коркутуп-үркүтүүгө көнүп калган, менимче бул жердеги судья да бирөөдөн корккондуктан ага сөгүш бербей, менин сөздөрүмдү гана байкап калгандай сезилет», — деп ачууланды Сурабалдиева Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. Кийин Камчыбек Ташиевге 75-иш деп аталган кылмыш иши боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу үчүн даярданган деп айыпталууда. Аны менен бул ишке Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Эмил Узакбаев баш болгон дагы жети адамдын тиешеси бар. Алгач иш материалдары жашыруун болуп, соттук отурумдар жабык өткөн. Бирок 15-июндан баштап жыйындар ачык режимде өтүүдө


