Швейцариянын соту Гүлнара Каримовага каршы арам акчаны адалдоо боюнча козголгон ишти кыскартты
Швейцариянын Федералдык трибуналы шейшембиде, 28-апрелде Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш ишин жабуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Швейцариянын улуттук телеканалы билдирди Каримова арам акчаны адалдоо, туура эмес башкаруу, коррупция жана кылм

Швейцариянын Федералдык трибуналы шейшембиде, 28-апрелде Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш ишин жабуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Швейцариянын улуттук телеканалы билдирди Каримова арам акчаны адалдоо, туура эмес башкаруу, коррупция жана кылмыштуу уюмду жетектөө боюнча айыпталган Судья түшүндүргөндөй, айыпталуучу Швейцариянын сотуна доонун эскирүү мөөнөтү бүтмөйүнчө келе албайт Дүйшөмбү күнү, 27-апрелде Швейцариянын Беллинзона шаарында Өзбекстандын экс-президентинин кызынын сыртынан соту башталды. Гүлнара Каримова сотко келген жок, анткени өзбек бийлиги аны соттук отурумга катышууга бошотпой койгон. Каримова 2014-жылдан бери Өзбекстанда камакта. Адвокаттарынын айтымында, камактагы “ээнбаш шарттарды” эске алганда, ал 2028-жылдын декабрында же андан да эртерээк бошотулушу мүмкүн Анын адвокаттары, өз кезегинде, алардын кардары процесске жеке катышууну каалай турганын, бирок мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратылганын айтышты Швейцарияда Гүлнара Каримовага кылмыш иши 2012-жылы башталган. Швейцариялык прокурорлор аны кылмыштуу уюмга катышкан, арам акчаны адалдоо, чет элдик чиновник катары паракорлук жана жасалма документтерди жасаган деп айыптаган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Каримова Өзбекстандын рыногуна кирүү үчүн эл аралык телекоммуникациялык компаниялардан пара талап кылган "Офис" деп аталган тармакты жетектеген. Тергөө беш жыл бою прокуратуранын ишинде жүрүп, 2023-жылдын сентябрында гана айыптоо корутундусу сотко өткөн Буга чейин Гүлнара Каримова өз мекенинде соттолгон: 2015-жылы ал 10 жылга эркинен ажыратылган, кийинчерээк анын мөөнөтү беш жылга чейин кыскартылган Анткен менен 2020-жылдын март айында Ташкент шаардык соту Гүлнара Каримованы кылмыштуу топту уюштуруу, алдамчылык, уурулук, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын эсеби боюнча, Каримова тарабынан «мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына» келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 триллион 270 миллиард 200 миллион сум, 1 миллиард 651,8 миллион АКШ доллары, 26,1 миллион еврону түзгөн Гүлнара Каримова жазасын Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясында өтөп, бирок 2025-жылдын башында ошол эле аймактагы отурукташуу колониясына которулган Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


