Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Субакожоева Виртуалдык активдер агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Айзада Субакожоева президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” кабарлады Президент 9-июнда Фархат Иминовду агенттиктин жетекчиси к

0 көрүүazattyk.org
Субакожоева Виртуалдык активдер агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
Paylaş:

Айзада Субакожоева президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” кабарлады Президент 9-июнда Фархат Иминовду агенттиктин жетекчиси кызматына койгон 47 жаштагы Айзада Субакожоева жылдары Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн адиси, жылдары ушул эле бөлүмдүн аналитикалык секторунун жетекчиси, 2018-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысынын орун басары болуп иштеген Садыр Жапаров май айынын аягында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин базасында улуттук агенттик түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Агенттикке виртуалдык активдер тармагын жөнгө салуу, уруксат кагаздарын берүү, мамлекеттик реестрди жүргүзүү, ошондой эле криптовалюталарды каттоо, эмиссия кылуу жана жүгүртүү маселелерин көзөмөлдөө милдеттери жүктөлгөн Мамлекет башчы Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти 2025-жылдын 3-майында түзгөн. 4-майда Чолпон-Ата шаарында кеңештин биринчи жыйыны өтүп, дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону президент Садыр Жапаров өзүнүн бул жааттагы коомдук кеңешчиси кылып бекитип, атайын күбөлүк тапшырган. Чжао улуттук кеңештин былтыр 24-октябрда өткөн экинчи жыйынына да катышкан. (BTo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler