Суу кудугунан 42 адам каза болду
Чаддагы суу кудугуна байланыштуу коомчулуктар ортосундагы талаш куралдуу кагылышууга айланды Анын кесепетинен 42 адам каза болгонун 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди Каргашалуу окуя Вади-Фиро провинциясында болгон. Провинциянын өкмөтүнүн өкүлү Брахим Исса Галмайендин айтым

Чаддагы суу кудугуна байланыштуу коомчулуктар ортосундагы талаш куралдуу кагылышууга айланды Анын кесепетинен 42 адам каза болгонун 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди Каргашалуу окуя Вади-Фиро провинциясында болгон. Провинциянын өкмөтүнүн өкүлү Брахим Исса Галмайендин айтымында, эки муундун ортосундагы окуя ондогон жаракаттарды алып келген Белгилей кетсек, Чаддын чыгышында жамааттар ортосунда жайыт, суу кудуктары жана үй жаныбарлары боюнча чыр-чатактар тез-тез болуп турат. Кээде бул чыр-чатактар куралдуу кагылышууларга алып келет. “Эл аралык кризис тобунун” бейөкмөт уюмдарынын маалыматы боюнча, бул түрдөгү кагылышууларда миңден ашык адам набыт болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгон


