Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын темир жол куруучуларына таштанды таштаганы үчүн айып салынды -

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын Үрүм-Баш участкасына таштандыларды мыйзамсыз таштаган курулуш компаниясын жазалады. Инспекторлор тарабынан мыйзам бузуулар боюнча жаңыдан тогуз протокол түзүлүп, кошумча жазалардын жалпы суммасы 227 миң сомго же

0 көрүү24.kg
Кыргызстандын темир жол куруучуларына таштанды таштаганы үчүн айып салынды -
Paylaş:

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын Үрүм-Баш участкасына таштандыларды мыйзамсыз таштаган курулуш компаниясын жазалады. Инспекторлор тарабынан мыйзам бузуулар боюнча жаңыдан тогуз протокол түзүлүп, кошумча жазалардын жалпы суммасы 227 миң сомго жеткен. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Буга чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Жалал-Абад облусундагы курулуш объектилерин пландан тышкаркы текшерүүдө 30 экологиялык мыйзам бузуу аныкталган. Ошол жыйынтыктын негизинде адистер тарабынан төрт протокол түзүлүп, подрядчыларга 107 миң сом айып салынган Натыйжада жаңы автожол объекттеринде экологияга келтирилген зыян үчүн каржылык санкциялардын жалпы суммасы 334 миң сомго жетти Подрядчылар буга чейин мыйзамсыз ташталган таштандыларды чыгарып, аймакты санитардык абалга келтиришти. Инспекторлор жооптуу адамдарга экологиялык мыйзамдарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү Жаңы темир жол Кашкар, Торугарт, Макмал, Жалал-Абад жана Анжиян аркылуу өтөт. Кыргызстандын аймагында — 454 километрдин 311 километри

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler