Стратегиялык өнөктөштүк боюнча өнүгүү
Президент Илхам Алиевдин ийгиликтүү жана көрөгөч тышкы саясатынын натыйжасында Европанын көптөгөн өлкөлөрү Азербайжан менен тыгыз саясий жана экономикалык алакаларды түзүүгө чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Азербайжан менен стратегиялык өнөктөш болгон Европа мамлекеттери биздин мамлекет ишенимдүү өнөктөш өлк

Президент Илхам Алиевдин ийгиликтүү жана көрөгөч тышкы саясатынын натыйжасында Европанын көптөгөн өлкөлөрү Азербайжан менен тыгыз саясий жана экономикалык алакаларды түзүүгө чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Азербайжан менен стратегиялык өнөктөш болгон Европа мамлекеттери биздин мамлекет ишенимдүү өнөктөш өлкө экенин бекеринен баса белгилешпейт. Бул өңүттөн алганда, Италия Европадагы Азербайжан менен саясий жана экономикалык тыгыз байланыштары жогору болгон өлкө. Италиянын Министрлер Советинин Председатели Джорджио Мелонинин биздин елкеге визити биздин тузулген мамилелерибиздин жогорку децгээлде экендигин жана мамилелердин мындан ары да терецдете тургандыгын ырастап турат Президент мырза Илхам Алиев жана Премьер-министр Мелони басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп жатканын жана бул мамилелерди мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз бар экенин дагы бир жолу баса белгилешти. Биздин елкебуздун тышкы саясатынын журушунде Ев-ропалык союздун мучесу болгон Италия менен мамилелер маанилуу орунду ээлейт. 2014-жылы Азербайжан менен Италия стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга, 2020-жылы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча документке кол коюшканы бекеринен эмес. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин негизин тузген бул документтерде айтылган маселелер реалдуулукта да чагылдырылган. Азербайжан Италиянын Түштүк Кавказдагы биринчи соода өнөктөшү. Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 12 миллиард долларды түзгөн. Белгилей кетсек, Азербайжан Италиянын энергетикалык коопсуздугунда маанилүү роль ойнойт. Азербайжан Италияга мунай жана газ жеткирүү боюнча экинчи орунда турат. Бүгүнкү күндө Азербайжан жаратылыш газын дүйнөнүн 16 өлкөсүнө экспорттойт. 2025-жылы Азербайжандан чет өлкөлөргө 25 миллиард метр куб жаратылыш газы экспорттолсо, анын 10 миллиард куб метрге жакыны Италияга ташылган Азербайжан менен Италиянын ортосундагы саясий мамилелер да жогорку деңгээлде. Италия ар дайым Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдоп келген. Биздин бошотулган территорияларыбыздагы курулуш-калыбына келтирүү иштерине италиялык компаниялар тыгыз катышып жатышат. Ошентип, бул өлкөнүн компаниялары тарабынан Карабакта жана Чыгыш Зангезурда 23 долбоор ишке ашырылып, бүгүнкү күндө бул иштер улантылууда. Азыр Азербайжанда көптөгөн италиялык компаниялар жана биргелешкен ишканалар ийгиликтүү иштеп жатат. Биздин мамлекеттердин ортосундагы өз ара байланыштар гуманитардык жана билим берүү тармагында да өнүгүп жатат. Өткөн жылы Баку шаарында Италия-Азербайжан университетинин ачылышы билимибиздин өнүгүшүнө салым кошот Италиянын премьер-министринин бул сапарында экономика жана энергетика темалары менен бирге Азербайжан менен Италиянын ортосунда коргонуу өнөр жайы жана коопсуздук тармагында кызматташтыктын түзүлүшү алдыңкы планга чыгарылды. Мамлекет башчылары бул тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экени жана бул эки мамлекеттин кызыкчылыгына туура келери өзгөчө баса белгиленди. Италия-Азербайжан мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине ылайык мындан ары да бекемделет Баку мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, профессор


