Борбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташууну күчөтүүнү макулдашты
Самаркандда өткөн Глобалдык экологиялык фонддун 8-Асамблеясынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү ак илбирсти, жапайы жаратылыштын башка трансчек аралык түрлөрүн сактоо жана тоо ландшафттарын туруктуу башкаруу боюнча GEF-9 алкагында биргелешкен аймактык демилгени иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырас

Самаркандда өткөн Глобалдык экологиялык фонддун 8-Асамблеясынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү ак илбирсти, жапайы жаратылыштын башка трансчек аралык түрлөрүн сактоо жана тоо ландшафттарын туруктуу башкаруу боюнча GEF-9 алкагында биргелешкен аймактык демилгени иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырасташты Иш-чарага Кыргыз Республикасынан, Казакстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Глобалдык экологиялык фонддон, ПРООНдон, эл аралык уюмдардан жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр GEF-9 циклинин алкагында экологиялык инвестициялардын кийинки муунун талкуулоо үчүн чогулушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Жаратылыш ресурстар министрлиги билдирди Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргызстан ак илбирсти жана анын тоо экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык күн тартибин илгерилетүү боюнча лидерликти сактап, ак илбирсти жана анын экосистемасынын глобалдык программасынын (GSL) демилгечилеринин жана активдүү катышуучуларынын бири экендигин баса белгиледи Кыргызстан экологиялык коридорлорду өнүктүрүүгө, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүгө, жапайы жаратылышка мониторинг жүргүзүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө жана аймактын уникалдуу жаратылыш мурастарын сактоого жергиликтүү жамааттарды тартууга умтулгандыгын баса белгиледи Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча GEF-9нун аймактык көз карашын калыптандырууга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен Кызыкчылык билдирүүсүнө кол коюу иш-чаранын маанилүү натыйжасы болду


