Борбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти сактоо боюнча кызматташууну күчөтүүнү макулдашты
Экология (АКИpress) - Борбордук Азия өлкөлөрү Глобалдык экологиялык фонддун (GEF-9) 9-циклинин алкагында ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча биргелешкен аймактык демилгени иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырасташты Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мы

Экология (АКИpress) - Борбордук Азия өлкөлөрү Глобалдык экологиялык фонддун (GEF-9) 9-циклинин алкагында ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча биргелешкен аймактык демилгени иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырасташты Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай макулдашуу Самаркандда өткөн ГЭФтин 8-ассамблеясынын алкагында жетишилди. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле ГЭФ, ПРООН жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргызстан ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программасынын (GSLEP) демилгечилеринин жана активдүү катышуучуларынын бири экенин жана бул күн тартибин илгерилетүү боюнча лидерликти сактап турганын билдирди Ал Кыргызстандын экологиялык коридорлорду өнүктүрүүгө, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүгө, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө жана жергиликтүү калкты жаратылышты коргоо иш-чараларына тартууга умтуларын ырастады Жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия өлкөлөрү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган GEF-9 боюнча аймактык көз карашты калыптандырууга биргелешкен Кызыкчылык билдирүүсүнө кол коюшту


