ШКУ өлкөлөрү өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлордун маалымат банкын түзүшөт -
Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 5-июнда кыргыз тараптын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV жыйыны өттү ШКУнун басма сөз кызматы билдиргендей, делегация башчылары экономика жана өнөр жай өндүрүшү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу масел

Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 5-июнда кыргыз тараптын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV жыйыны өттү ШКУнун басма сөз кызматы билдиргендей, делегация башчылары экономика жана өнөр жай өндүрүшү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде инновациялык чечимдерди ишке киргизүү, экологиялык туруктуу системаларды өнүктүрүү жана ишканаларды санариптештирүү боюнча кеңири пикир алышты. Көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана мүчө мамлекеттердин топтолгон тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен технологиялык потенциалды натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Тиешелүү тармактагы бир катар демилгелер каралды Отурумдун жыйынтыгында “ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун маалымат банкы жөнүндө” жобо бекитилип, биргелешкен коммюнике кабыл алынды Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыковдун Биринчи радиого билдиргенине караганда, инвестициялык долбоордук банк инвестициялык өтүнмөлөрдү сактоонун жана топтоонун борборлоштурулган процедурасы болуп саналат «ШКУ – бул чоң уюм, ар бир өлкөнүн, анын ичинде жеке сектордун, алардын жеткиликтүүлүгүн жана көрүнүктүүлүгүн камсыздоо боюнча инвестициялык долбоорлору бар жана бирдиктүү маалымат базасын түзүү демилгеси көтөрүлдү», - деп түшүндүрдү ал


