Санариптик финансыны 100% коргоо жок; тобокелдиктерди адекваттуу баалоо керек - эксперт Феликс Мамбетов
Санариптештирүүнүн шартында банктык эсептердеги акча каражаттарын сактоонун негизги шарттары санариптик гигиена жана ар кандай шектүү аракеттерге өз убагында жооп кайтаруу болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун алкагында БАКАИнин маалыматтык коопсуздук

Санариптештирүүнүн шартында банктык эсептердеги акча каражаттарын сактоонун негизги шарттары санариптик гигиена жана ар кандай шектүү аракеттерге өз убагында жооп кайтаруу болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун алкагында БАКАИнин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн башкы адиси Феликс Мамбетов билдирди Эксперт форумга алдамчылыкка каршы, маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук маселелерине арналган пленардык талкуунун спикери катары катышууда Финансылык мекеменин маалымат коопсуздугунун учурдагы деңгээлине баа берип, ал коргоо жогорку деңгээлде курулганын, бирок кардарлар да сергектигин түшүрбөшү керектигин белгиледи Адис мобилдик банкингдин колдонуучулары үчүн маалыматтарды жана акчаны жоготуу коркунучун азайтууга жардам бере турган бир нече сунуштарды айтты. Бул биринчи кезекте жеке маалыматты жана программалык камсыздоону көзөмөлдөөгө тиешелүү Эксперт ар кандай адаттан тыш кырдаалдарда каржы институту менен байланыштын расмий каналдарын гана колдонуу керектигин кошумчалады. Эсептер менен мыйзамсыз аракеттерге кичине эле шектенүү пайда болгондо, ээси банкка болгон окуя жөнүндө дароо билдирүүгө милдеттүү
Diğer Haberler

Бишкек мэриясы май куюучу жайларды шаардын чегинен тышкары жылдырууну пландоодо. Унаа ээлери эмне деп ойлошот?

Кыргызстан менен Өзбекстан Тажикстандан чыккан ири баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнү жоюу иштерин жүргүзүштү
