Стармер менен Трамп Иранды талкуулашты
Британиянын премьер-министри Кир Стармер ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп менен анын Иран менен жаңжалды токтотуу аракеттери тууралуу сүйлөштү Британ премьер-министринин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, Стармер «узак жана туруктуу тынчтыкты» камсыз кылуучу ар кандай келишимдин маанилү

Британиянын премьер-министри Кир Стармер ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп менен анын Иран менен жаңжалды токтотуу аракеттери тууралуу сүйлөштү Британ премьер-министринин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, Стармер «узак жана туруктуу тынчтыкты» камсыз кылуучу ар кандай келишимдин маанилүүлүгүн баса белгиледи Британ өкмөтүнүн башчысы ошондой эле Улуу Британия мүмкүн болгон тынчтык келишимин ишке ашырууну колдоого жана анын ийгилиги үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди Даунинг-стриттин басма сөз катчысы билдиргендей, эки лидер тең келерки аптада боло турган Жетиликтин (G7) саммитинин алдында байланышта болууну макулдашты


