ДСУнун башкы директору: Хантавирус жаңы COVID-19 эмес
"Хантавирус жаңы COVID-19 эмес" Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс “X” эсебинде билдирди Тенерифе шаарынын тургундарына кайрылып, ал MV Hondiusда аныкталган хантавирустун Анд штаммы олуттуу болгону менен, учурдагы коомдук ден соолук ко

"Хантавирус жаңы COVID-19 эмес" Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс “X” эсебинде билдирди Тенерифе шаарынын тургундарына кайрылып, ал MV Hondiusда аныкталган хантавирустун Анд штаммы олуттуу болгону менен, учурдагы коомдук ден соолук коркунучу төмөн деп бааланганын айтты ДСУнун башкы директору "эпидемия" деген сөз 2020-жылдагы катуу пандемия жөнүндө эскерерин белгиледи, бирок бул жаңы COVID-19 эмес экенин баса белгиледи Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тобокелдикти баалоону жоопкерчилик менен жүргүзгөн жана Тенерифеде күнүмдүк жашоосун жашап жаткан адамдарга коркунуч аз Башкы директордун айтымында, учурда учакта белгилери бар жүргүнчүлөр жок: "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери учакта бар, медициналык буюмдар менен камсыздалган жана Испаниянын бийликтери жүргүнчүлөрдү коопсуз эвакуациялоо боюнча этаптуу планды даярдашкан. Планга ылайык, жүргүнчүлөр турак жайлардан алыс жайгашкан Гранадилья өнөр жай портуна жеткирилип, жабык жана толук көзөмөлдөнгөн унаа каттамдары менен түз өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт" Ал тургундарды жүргүнчүлөр менен байланыш болбойт деп ишендирди Белгилей кетсек, хантавирус тараган MV Hondius круиздик кемеси эки күн мурун Кабо-Верде сууларынан чыгып, Испаниянын Канар аралдарына багыт алган. Кеменин Тенерифедеги Гранадилла портуна үч күндүн ичинде жете турганы кабарланган


