АКШ Ирандагы радар станцияларына чабуул жасаганын жарыялады
Америкалык аскерлер Горуктагы жана Кешм аралындагы Ирандын жээктеги радар станцияларына чабуул коюшту. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди Командачылыкка ылайык, соккулар Ирандын учкучсуз учактары Ормуз кысыгына карай учурулгандан кийин жасалган "АКШ күчтөрү мындан арк

Америкалык аскерлер Горуктагы жана Кешм аралындагы Ирандын жээктеги радар станцияларына чабуул коюшту. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди Командачылыкка ылайык, соккулар Ирандын учкучсуз учактары Ормуз кысыгына карай учурулгандан кийин жасалган "АКШ күчтөрү мындан аркы чабуулдардын алдын алуу үчүн Горук жана Кешм аралындагы Ирандын жээктеги байкоочу радар станцияларын бутага алды", — деп айтылат CENTCOM билдирүүсүндө Командачылык ошондой эле америкалык аскерлер Ормуз кысыгына карай атылган ирандык төрт учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди. CENTCOM учкучсуз учактын чабуулу аймактык деңиз кемелерине түздөн-түз коркунуч келтирди деп ырастады Буга чейин CNN телеканалы расмий өкүлгө таянып, Иран Ормуз кысыгына карай бир нече учкучсуз учактарды учурганын, алардын кеминде үчөөсү америкалык аскерлер тарабынан атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. CBS төрт дрон билдирди Кошумчалай кетсек, CENTCOM 5-июнда америкалык аскерлер Ормуз кысыгына жана коңшу Перс булуңуна карай атылган бир нече ирандык баллистикалык ракеталарды жана пилотсуз учактарды кармаганын билдирди Командачылыкка ылайык, Иран Кувейт жана Бахрейн тарапка жети баллистикалык ракета учурган. Алардын алтоо кармалса, дагы бири бутага жеткен жок Буга жооп иретинде Ислам революциясынын сакчылар корпусу Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерий базаларга чабуул жасаганын жарыялады. Рейтер агенттиги ошондой эле Иран армиясы Ормуз кысыгы аркылуу уруксатсыз өтүүгө аракет кылган төрт танкерге ок чыгарганын ырастоодо Бул АКШ менен Ирандын акыркы жумадагы биринчи соккусу эмес. Буга чейин Тегеран АКШнын Оман булуңундагы кемелерге каршы аракеттерине жооп иретинде америкалык эсминецке кол салганын жарыялаган. Вашингтон өз кезегинде ирандык учкучсуз учактар жана ракеталар жок кылынганын, ошондой эле Кешм аралындагы объектилерге кол салганын билдирди

