АКШ Казакстандын сейрек кездешүүчү металлдарына кызыкдар
2026-жылдын 10-июнунда жарыяланды 18:12 Казакстан менен АКШ сейрек кездешүүчү металлдар үчүн глобалдык күрөштүн шартында маанилүү кендер боюнча кызматташууну талкуулашты Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын катышуусунда маанилүү минералдар боюнча С5+1 диалогу өттү. Жолугушууга Казакстан

2026-жылдын 10-июнунда жарыяланды 18:12 Казакстан менен АКШ сейрек кездешүүчү металлдар үчүн глобалдык күрөштүн шартында маанилүү кендер боюнча кызматташууну талкуулашты Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын катышуусунда маанилүү минералдар боюнча С5+1 диалогу өттү. Жолугушууга Казакстандын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев жана АКШ президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор төрагалык кылышты Иш-чара AMM-2026 16-Эл аралык тоо-кен металлургия конгрессинин алдында өттү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы маанилүү пайдалуу кендерди чалгындоо, өндүрүү, кайра иштетүү жана жеткирүү жаатында кызматташуу болду Диалогго Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты «Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы катары С5+1 платформасынын маанилүү ролун өзгөчө белгилейт», - деди Эрсайын Нагаспаев Анын айтымында, маанилүү кендерге болгон дүйнөлүк суроо-талаптын өсүшү бул жааттагы кызматташууну өзгөчө маанилүү кылат. Министр белгилегендей, Казакстан маанилүү минералдык секторду өнөр жай саясатынын жана узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири катары карайт Өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын ресурстук базасында 9,5 миңден ашык кен бар. Алардын 100дөн ашыгы сейрек жана сейрек кездешүүчү металлдарды камтыйт Бийликтер тармакты санариптештирүү жана эл аралык стандарттарды киргизүү инвестициянын агымын кыйла көбөйтүүгө жардам бергенин айтууда. Казакстандын рыногуна ири дүйнөлүк компаниялар кирген, анын ичинде Rio Tinto, Barrick Gold, First Quantum Minerals, Ivanhoe Mines, Teck Resources, Fortescue жана Cove Capital Диалогдун алкагында тараптар чийки затты кайра иштетүү чөйрөсүндө жогорку технологиялык өндүрүш ишканаларын жана өнөр жай кластерлерин түзүү маселесин талкуулашты. Технологияларды беруу, кадрларды даярдоо жана илимий-техникалык кызматташтык маселелерине езгече кецул бурулду Ошондой эле логистика жана дүйнөлүк рынокто продукцияларды жеткирүүнүн ишенимдүү чынжырларын түзүү талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар C5+1 форматында биргелешкен өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырасташты Буга чейин Курсив Американын Cove Capital компаниясы менен Казакстандын Tau-Ken Samruk компаниясы Караганды аймагындагы дүйнөдөгү эң ири иштетилбеген вольфрам кендерин биргелешип иштетээрин жазган


