Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

АКШ Иранга кайрадан кол салды. Тегеран жооп кайтарып, Ормуз кысыгын жапты

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 10—11-июнда кескин начарлады. Америка Кошмо Штаттары экинчи күн катары менен Ирандагы буталарга чабуул жасады жана Тегеран ага жооп кылып, дүйнөлүк мунай соодасынын эң маанилүү жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгын толук жапканын жарыя кылды. Эскалация мунайдын баасын жогору

0 көрүүkaktus.media
АКШ Иранга кайрадан кол салды. Тегеран жооп кайтарып, Ормуз кысыгын жапты
Paylaş:

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 10—11-июнда кескин начарлады. Америка Кошмо Штаттары экинчи күн катары менен Ирандагы буталарга чабуул жасады жана Тегеран ага жооп кылып, дүйнөлүк мунай соодасынын эң маанилүү жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгын толук жапканын жарыя кылды. Эскалация мунайдын баасын жогорулатып, аймактагы чыр-чатактын мындан ары кеңейиши мүмкүн деген кооптонууну жаратты Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Рейтер жана Ассошиэйтед Пресс агентстволору-нун билдиргенине Караганда, Ормуз кысыгында америкалык согуштук вертолет менен болгон окуядан кийин америкалык сокку уруунун жацы толкуну болгон. Америкалык аскерлер чабуулдардын бутасы Ирандын абадан коргонуу системалары, радар станциялары жана аскердик инфраструктура болгонун билдирди. АКШнын президенти Дональд Трамп аймактагы америкалык күчтөргө кол салуулар улана берсе, Вашингтон мындан аркы аракеттерге даяр экенин эскертти Иран бийликтери АКШнын аракеттерин мурда жетишилген ок атышпоо келишимдерин кезектеги бузуу катары баалады. 11-июнга караган түнү Ирандын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен командачылыгы Ормуз кысыгы бардык кемелер, анын ичинде мунай танкерлери жана коммерциялык кемелер үчүн жабылганын жарыялады. Тегерандын айтымында, кысыктан өтүүгө аракет кылган бардык кемелер кол салууга дуушар болушу мүмкүн Ошол эле маалда ирандык маалымат каражаттары Бахрейн, Кувейт жана Иорданиядагы америкалык буталарга ракеталык жана учкучсуз учактар менен чабуул жасалганын кабарлашты. АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) чабуулдарды тастыктады, бирок америкалык инфраструктурага олуттуу зыян келтирилбегенин билдирди Дүйнөлүк рыноктордун өзгөчө көңүлү Ормуз кысыгына бурулууда, ал аркылуу дүйнөдөгү мунайдын жана суюлтулган жаратылыш газынын бештен бир бөлүгү кризиске чейин өткөн. Тегерандын кысыкты жабуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Brent мунайынын баасы баррелине 2 доллардан ашык кымбаттап, 95 долларга жакындады. Талдоочулар мындан аркы эскалация энергияга болгон баанын жаңы көтөрүлүшүнө жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө инфляциялык басымдын күчөшүнө алып келиши мүмкүн деп эскертишүүдө Кыйынчылыктын фонунда инвесторлор тобокелдүү активдерди калтыра башташты. Азиянын жана АКШнын алдыңкы фондулук индекстери төмөндөөнү көрсөттү, ал эми коргоочу активдерге жана долларга суроо-талап өстү Батыш агентстволорунун пикири боюнча, кризистин мындан ары енугушу учун алдыдагы кундер чечуучу болот. Эгер Вашингтон аскердик операцияларын уланта берсе жана Иран Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууга тыюу салса, дүйнөлүк экономика Перс булуңундагы жаңжал башталгандан берки эң чоң энергетикалык шокка кабылышы мүмкүн. Ошол эле учурда Катар, Оман жана башка бир катар мамлекеттердин чыңалууну азайтуу боюнча арачылык аракеттери уланууда

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler