Америка тик учактын атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга сокку урду. Иран базаларына чабуул жасады
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер 9-июнь күнү кечинде жана 10-июнга караган түнү "өзүн-өзү коргоо максатында" америкалык AH-64 Apache согуштук тик учагынын Ормуз кысыгынан бир күн мурун атып түшүрүлүшүнө жооп катары Иранга сокку урганын билдирди Соккулар Ирандын абадан к

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер 9-июнь күнү кечинде жана 10-июнга караган түнү "өзүн-өзү коргоо максатында" америкалык AH-64 Apache согуштук тик учагынын Ормуз кысыгынан бир күн мурун атып түшүрүлүшүнө жооп катары Иранга сокку урганын билдирди Соккулар Ирандын абадан коргонуу системаларына, жердеги башкаруу постторуна жана Ормуз кысыгына жакын жердеги байкоочу радар станцияларына багытталган. "Операция АКШнын аскерлерине жана аймактык суулардан өткөн эл аралык соода кемелерине жасалган акыркы кол салууларга пропорционалдуу жооп болду" деп айтылат билдирүүдө Ирандын армиясы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусу кол салууга жооп иретинде АКШнын аймактагы базаларына жана Бахрейндеги АКШнын деңиз флотунун 5-флотунун радар системаларына сокку урулганын билдирди. Иран бийликтери менен байланышы бар Fars агенттиги соккуларга Кувейттеги Аль-Жахра провинциясындагы америкалык база жана Иорданиядагы америкалык F-35 согуштук учактарынын базасы киргенин жазат Axiosтун кабарчысы Барак Равид атын атагысы келбеген америкалык аткаминерге шилтеме берип кабарлагандай, Иран Бахрейн, Кувейт жана Иорданиядагы америкалык базаларга кеминде төрт баллистикалык ракета жана бир нече учкучсуз учактарды аткан Америкалык расмий өкүлдүн Рейтер агенттигине билдиргенине караганда, Иран атылган ракеталар менен учкучсуз учактардын дээрлик бардыгы кармалып, жок кылынды. Ал кошумчалагандай, америкалык кызматкерлерге зыян келтирилген же америкалык объектилерге зыян келтирилгени тууралуу маалымат жок Иорданиянын куралдуу күчтөрү Иран тарабынан АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнүн 332-экспедициялык аба канаты жайгашкан Азрак аймагын көздөй атылган беш ракетаны атып түшүргөнүн билдирди. Базада америкалык согушкерлер жана чабуул жана чалгындоочу учкучсуз учактар жайгашкан. Атылган ракеталардын сыныктары өлкөнүн аймагына түшкөнү, бирок кыйроолорго жана курмандыктарга алып келбегени белгиленген Иран менен тынчтык келишими “акыркы баскычта” деп айткан АКШнын президенти Дональд Трамп мурдараак АКШ Иран тик учакты атып түшүргөндөн кийин ага “жооп бериши керек” деп айткан. Бирок ал учкучтар жабыркаган эмес деп баса белгиледи. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи өз кезегинде билдирүү жарыялап, анда ал АКШны Ормуз кысыгына жакын аймактардан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды, анткени алар “өздөрүнүн адамдык каталарынан, кырсыктарынан же ок атышууга кабылуу ыктымалынан улам дайыма коркунучта” Апрель айынын башында жетишилген элдешүү аяктаганын эки тарап тең расмий жарыялай элек. Америка Кошмо Штаттары менен Иран андан бери бир нече жолу чектелген соккуларды алмашты, жакында Иран менен Израил дагы сокку урушту Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


