АКШ Ирандын коргонуу системаларына жана радарларына сокку урду
АКШнын Борбордук командачылыгы (Centcom) Ормуз кысыгында америкалык Apache тик учагынын жок кылынышына жооп иретинде Ирандын аймагына сокку уруу башталганын жарыялады "Бул миссия Ирандын негизсиз агрессиясына пропорционалдуу жооп", - деп айтылат Centcom билдирүүсүндө Axios агенттиги америкалык а

АКШнын Борбордук командачылыгы (Centcom) Ормуз кысыгында америкалык Apache тик учагынын жок кылынышына жооп иретинде Ирандын аймагына сокку уруу башталганын жарыялады "Бул миссия Ирандын негизсиз агрессиясына пропорционалдуу жооп", - деп айтылат Centcom билдирүүсүндө Axios агенттиги америкалык аткаминерге таянып кабарлагандай, америкалык аскерлер Ирандын бир нече коргонуу жана радар системаларына сокку урду Иран маалымат каражаттары билдиргендей, жардыруу Кохестак, Сирик жана Минаб аймактарында болгон Буга чейин Курсив Дональд Трамп бул окуяны Вашингтон жоопсуз калтырбай турганын айтканын жазган Ушундан кийин Иран армиясын толук күжүрмөн даярдыкка келтирди. Тышкы иштер министри Аракчи аскерлер бардык чек ара бузууларга даяр экенин айтып, чет элдик күчтөргө “мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө” кеңеш берди


