АКШ менен Иран 19-июнда Швейцарияда тынчтык меморандумуна кол коюшат
Америка Кошмо Штаттары менен Иран тынчтык келишимине 19-июнда, жума күнү Швейцарияда кол коюшат. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф билдирди, деп маалымдайт Deutsche Welle. Келишимди АКШ президенти Дональд Трамп дагы тастыктады Басылманын Паки

Америка Кошмо Штаттары менен Иран тынчтык келишимине 19-июнда, жума күнү Швейцарияда кол коюшат. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф билдирди, деп маалымдайт Deutsche Welle. Келишимди АКШ президенти Дональд Трамп дагы тастыктады Басылманын Пакистандын премьер-министрине таянып жазганына караганда, тараптар Ливан менен кошо бардык фронттордо согуштук аракеттерди дароо жана биротоло токтотууну жарыялашты. Келишимди Ливандын аймагына чейин узартуу “Хезболла” өнөктөштөрү Израилге каршы күрөшүп жаткан Иран үчүн негизги пункт болчу Макулдашууларга жетишүү фонунда Трамп буга чейин Ормуз кысыгынан АКШнын деңиз флотунун блокадасын алып салууга жана аны кемелердин эркин өтүүсүнө ачууга буйрук берген. Ошол эле учурда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну 14-июнда Бейрутка жасалган аба соккулары үчүн сынга алып, мындай маанилүү күндө аларды орунсуз деп атады Тегерандын өзүндө келишимге сабырдуулук менен карашат. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади 19-июнда “өз ара түшүнүшүү меморандумуна” гана кол коюларын тактады
Diğer Haberler

Улуу Британияда 2027-жылдан тарта 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат - Vlast аналитикалык онлайн журналы

Кыргызстан первым в СНГ запустил 3D-печать протезов: ждать теперь не нужно месяцы на Акчабаре
