АКШ кымбат учак конуучу кемесин жогото жаздады
Жазында Кызыл деңизде АКШнын Иранга каршы операцияларына катышкан америкалык авианосец USS Gerald R. Ford март айында чыккан өрттөн АКШнын деңиз флотунун командачылыгынын билдирүүсүнөн алда канча олуттуу зыян тартты. Бул тууралуу кеменин бортунан эксклюзивдүү видеону алган CNN телеканалы билдирди

Жазында Кызыл деңизде АКШнын Иранга каршы операцияларына катышкан америкалык авианосец USS Gerald R. Ford март айында чыккан өрттөн АКШнын деңиз флотунун командачылыгынын билдирүүсүнөн алда канча олуттуу зыян тартты. Бул тууралуу кеменин бортунан эксклюзивдүү видеону алган CNN телеканалы билдирди Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Аскер-деңиз флоту өрт локализацияланганын, эки деңизчи жеңил жаракат алганын жана учак конуучу кеменин өзү “толук иштеп” калганын билдирген. Бирок журналисттер алган кадрлар кеменин ичиндеги чоң кыйроолордон кабар берет Басылма видеодо толугу менен талкаланган матростордун уктоочу жайлары көрсөтүлгөнүн жазат. Керебеттерден күйгөн металл конструкциялар гана калган, шыбы олуттуу түрдө бузулган, үйүлгөн күл жана зымдар илинип турган Өрттү өчүрүүгө катышкан экипаж мүчөлөрүнүн бири CNN телеканалына кырдаал оор экенин айтты CNN маектештеринин айтымында, өрттүн масштабдуу жайылышынын негизги себептеринин бири өрт өчүрүүнүн стандарттык системасынын иштебей калышы болгон. Мындан улам экипаж жалын менен өз алдынча күрөшүүгө аргасыз болгон Басылма белгилегендей, экипаж өрттүн кесепеттерин жоюуга жана кайра тутануунун алдын алууга 30 саатка жакын убакыт короткон. Кыйроодон улам 600гө жакын моряктар уктоочу жайларына кире албай калышты Өрт кеменин күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жөндөмүнө таасирин тийгизген. Окуядан эки күн өткөндөн кийин гана учак конуучу кеме учуусун калыбына келтире алган жана андан кийин Грециянын портуна убактылуу оңдоо иштерин жүргүзүүгө аргасыз болгон CNN 2017-жылы пайдаланууга берилген жана АКШнын эң жаңы жана эң өнүккөн өзөктүк кубаты бар учак конуучу кемеси болгон USS Gerald R. Ford кемеси Иранга каршы согуштун негизги элементи болгонун белгилейт. Телеканалдын маалыматына караганда, кеме дагы дайыма ракеталык сокку уруу жана учкучсуз учактардын чабуулу коркунучунда болгон


