АКШ ирандыктарды Африкага депортациялоодо
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы үчүнчү өлкөлөргө депортациялоо боюнча келишимдин алкагында бир катар ирандыктарды жана башка мигранттарды Борбордук Африка Республикасына депортациялоону пландап жатканын Reuters агенттиги эки юристке жана бул маселе боюнча кабары бар расмий өкүлгө

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы үчүнчү өлкөлөргө депортациялоо боюнча келишимдин алкагында бир катар ирандыктарды жана башка мигранттарды Борбордук Африка Республикасына депортациялоону пландап жатканын Reuters агенттиги эки юристке жана бул маселе боюнча кабары бар расмий өкүлгө шилтеме жасап билдирди Адвокаттар Reuters агенттигине эки ирандык аял Иранга кайтарылса, кыйноого жана куугунтукка кабылышы мүмкүн экенин айтышты. Алардын бири христиан динин кабыл алса, экинчиси демократиялык кыймылдын активисти Келишим боюнча биринчи рейсте ирандыктар, сириялыктар жана афгандыктар да бар 20дай киши болушу күтүлүүдө жана бейшемби күнү учушу мүмкүн, дешет юристтер Келишимдин алкагында жүздөгөн мигранттар акыры Борбордук Африка Республикасына депортацияланышы мүмкүн деп айтылат


