Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Орусиядагы мигранттарды медициналык кароодон өткөрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин кыскартылат

3-июнда Орусиянын Федерация кеңеши чет элдик жарандардын милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтүн Орусияга кирген күндөн тартып 90 күндөн 30 күнгө кыскарткан мыйзамды жактырды. Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет Учурда чет элдиктер чек арадан өткөндөн кийин 90 күндүн

0 көрүүazattyqasia.org
Орусиядагы мигранттарды медициналык кароодон өткөрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин кыскартылат
Paylaş:

3-июнда Орусиянын Федерация кеңеши чет элдик жарандардын милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтүн Орусияга кирген күндөн тартып 90 күндөн 30 күнгө кыскарткан мыйзамды жактырды. Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет Учурда чет элдиктер чек арадан өткөндөн кийин 90 күндүн ичинде кооптуу жугуштуу оорулардын жок экендиги боюнча текшерүүдөн өтүшү керек. Текшерүүнүн жыйынтыгы болмоюнча иштөөгө уруксат же патент алуу мүмкүн эмес. Бул мөөнөттү кыскартуу демилгеси Орусиянын Мамлекеттик Думасына үстүбүздөгү жылдын январь айында коюлган Жаңылык бардык келген чет элдиктерге, анын ичинде эмгек мигранттарына, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына жана качкындарга тиешелүү. Экспертизан өткөрүүгө кеткен чыгымдарды чет өлкөлүк жаран өзү же анын иш берүүчүсү көтөрөт. Ыйгарым укуктуу медициналык мекемелер мигранттардын ден соолугунун абалы тууралуу маалыматты Россиянын Ички иштер министрлигине тез арада берүүгө, ал эми инфекциялар аныкталса, Роспотребнадзорго билдирүүгө милдеттүү Милдеттүү тестирлөөдөн качкандар үчүн мыйзамда 25 миңден (болжол менен 280 доллар – ред.) 50 миң рублга чейин (болжол менен 560 доллар – ред.) айып пул салынып, кийин Орусиядан депортацияланат. Документтин күчүнө кириши үчүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин кол коюусу керек "Азаттыктын" тажик кызматы - Озодинин айтымында, өткөн жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы миграциялык агымдарга көзөмөлдү күчөткөн 25тен ашык мыйзамды кабыл алган, бул жүз миңдеген тажик жарандарынын өлкөдө жүрүүсүн бир топ кыйындаткан Расмий статистика чет элдик жарандардын агымынын азайгандыгын белгилейт. Расмий маалыматтар боюнча, 2026-жылдын биринчи чейрегинде Орусияга 2,5 миллион чет элдик (анын ичинен 1,8 миллиону КМШ өлкөлөрүнүн жарандары, бул 72,4 пайыз) кирген 2026-жылдын 1-апрелине карата Россияда жалпысынан 6,1 миллион чет элдик жарандар (бир жыл мурун – 6,8 миллион) болгон. Убактылуу жашоого уруксатты берүүнүн 27,5 пайызга, ал эми жашап турууга уруксатты (ЖП) 27,8 пайызга кыскартуу катталган. Кошумчалай кетсек, 2026-жылдын январынан мартына чейин орус бийлиги 8,3 миңге жакын жашоого уруксатты жокко чыгарды, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90 пайызга жогору Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler