Шри-Шри Рави Шанкар: Диалог дүйнөдөгү чыр-чатактарды токтотуунун жалгыз жолу
Дүйнөдөгү чыр-чатактар ар бир адамды түйшөлткөн маселе. Согуштар бизди эч жакка алып барбайт. Бири-бирин өлтүрүү эч кимге тынчтык же бакыт алып келбейт. Ошондуктан, мындан чыгуунун бирден бир жолу диалог экенине бекем ишенем. Эл чогулуп, пикир келишпестиктерин талкуулашы керек. Ар дайым өз ара ком

Дүйнөдөгү чыр-чатактар ар бир адамды түйшөлткөн маселе. Согуштар бизди эч жакка алып барбайт. Бири-бирин өлтүрүү эч кимге тынчтык же бакыт алып келбейт. Ошондуктан, мындан чыгуунун бирден бир жолу диалог экенине бекем ишенем. Эл чогулуп, пикир келишпестиктерин талкуулашы керек. Ар дайым өз ара компромисс жана түшүнүү зарыл. Менин гана жолум туура деп эч ким айта албайт. Мен муну дүйнөнүн бардык лидерлерине айткым келет: кыска мөөнөттүү максаттарга эмес, адамзаттын жана дүйнө калкынын узак мөөнөттүү жыргалчылыгына көңүл бургула Азыркы доордун эн белгилуу рухий лидерлеринин бири Шри-Шри Рави Шанкар АЗЕРТА-га езунун билдируусунде мындай деп билдирди "Бүгүнкү күндө адамдар депрессиядан, агрессиядан чыгышы керек деп ойлойм. Стресстен улам биз же агрессияга ыктайбыз, же депрессияга түшүп калабыз. Ошондуктан психикалык ден соолук кризиси дүйнөдө өтө олуттуу көйгөй болуп саналат. Мен студенттер, мугалимдер, дарыгерлер жана жалпы эле бардык адамдар жаш болобу, кары болобу, алардын психикалык ден соолугуна сөзсүз көңүл бурушу керектигин баса белгилегим келет." 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


