Түркмөнстандын спортчулары 2026-жылдын биринчи беш айында 301 медалга ээ болушту
Быйылкы жылдын январынан май айына чейин Түркмөнстандын спортчулары эл аралык мелдештерде 301 медалга ээ болушту. Бул тууралуу 2026-жылдын беш айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Маммедов билдирд

Быйылкы жылдын январынан май айына чейин Түркмөнстандын спортчулары эл аралык мелдештерде 301 медалга ээ болушту. Бул тууралуу 2026-жылдын беш айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Маммедов билдирди Отчеттук мезгилдин ичинде физкультураны жана спортту енуктурууге, профессионал спортсмендер-ди даярдоого багытталган чаралар улантылып жаткандыгы белгиленди. Түркмөнстандын спортчулары эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларды көрсөтүп, май айында 132 медалга ээ болушту. Ошентип, быйылкы жылдын беш айында Түркмөнстан курама командасынын жалпы медалынын саны 301ге жетти Баяндаманы уккан президент Сердар Бердымухамедов илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт тармагынын ишмердүүлүгүн туура уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан улам мамлекет башчы таланттуу жаштардын илимге, билимге жана жаңы технологияларга кызыгуусун арттыруу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин жакшыртуу, жаш муунду спортко жигердүү тартуу боюнча иштерди улантууну тапшырды
Diğer Haberler

Европа чемпиону болгон Азербайжандын футзал командасы мекенине кайтты - ФОТО - ВИДЕО
Кыргызстан Акчабардагы айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууну көздөп жатат
