Кыргызстандын түштүгүндө УКМК тарабынан ИМ мүчөлөрүн зыянсыздандыруу боюнча атайын операция жүргүзүлдү -
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери “Катиба ат-Таухид валь-Жихад” жана “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмдарынын активдүү мүчөлөрүн зыянсыздандыруу боюнча атайын операция өткөрүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди Атайын операцияны кырдаал б

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери “Катиба ат-Таухид валь-Жихад” жана “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмдарынын активдүү мүчөлөрүн зыянсыздандыруу боюнча атайын операция өткөрүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди Атайын операцияны кырдаал борборунан реалдуу убакыт режиминде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жетектеген Анын айтымында, экстремисттер укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана диний ишмерлерге каршы теракт уюштурууну пландап жатышкан Антитеррордук операциянын режими Ош, Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Кара-Суу районунда жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында киргизилгени такталды. Ага ИИМ, Чек ара кызматы, Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин кызматкерлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты Атайын операциянын жыйынтыгында кылмышка шектүү 31 адам кармалды – 11и Ош облусунан, 20сы Баткен облусунан Тинтүү учурунда диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдарды камтыган электрондук маалымат каражаттары, 4 даана катталбаган ок атуучу куралдар, террористтик уюмдардын символдору жана чет өлкөлүк террористтерди көмүскө каржылоого багытталган акча каражаттары табылган. Жумгалбек Шабданбеков жарандардын коопсуздугун камсыздоону, кармалгандардын байланышын текшерүүнү, алардын мүмкүн болгон шериктерин жана каржылоо каналдарын аныктоону тапшырды "Атайын иш-чара мыйзам чегинде жүргүзүлүп, учурда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта


