SpaceX IPOдо 75 миллиард доллар чогултту
SpaceX тарабынан жасалган билдирүүдө, 555,6 миллион А классындагы жөнөкөй акциялардан турган анын алгачкы ачык сунушунун баасы бир акция үчүн 135 доллардан жыйынтыкталганы айтылды Ошентип, компания белгиленген акциялардын баасы боюнча болжол менен 75 миллиард доллар дүң киреше алып жатканда, барды

SpaceX тарабынан жасалган билдирүүдө, 555,6 миллион А классындагы жөнөкөй акциялардан турган анын алгачкы ачык сунушунун баасы бир акция үчүн 135 доллардан жыйынтыкталганы айтылды Ошентип, компания белгиленген акциялардын баасы боюнча болжол менен 75 миллиард доллар дүң киреше алып жатканда, бардык убактагы эң чоң ачык сунуш ишке ашырылган. IPO баасы боюнча SpaceXтин базар баасы 1,77 триллион доллар деп эсептелген Билдирүүдө компаниянын акцияларынын Nasdaq Global Select Market жана Nasdaq Texas биржаларында 12-июндан тарта «SPCX» символу менен соода башташы күтүлүп жатканы жана жалпы жабуу шарттарына ылайык 15-июнда бүткөрүлүшү күтүлгөнү белгиленди Андан тышкары, билдирүүдө SpaceX брокерлерге IPO баасында 83,3 миллионго чейин кошумча акцияларды сатып алууга 30 күндүк мүмкүнчүлүк бергени айтылат SpaceX май айында компанияны ачык сунуштоо процессин баштоо жана акцияларын фондулук рынокко ачуу үчүн даярдаган документти SECге тапшырган


