ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңеши эл аралык укуктун ролун күчөтүү жана БУУнун Уставынын принциптерине берилгендик боюнча билдирүүлөрдү кабыл алды
Бишкек (АКИpress) – Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Жолугушуу 10-июнда Казань шаарында өттү Жолугушуунун катышуучулары эл аралык

Бишкек (АКИpress) – Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Жолугушуу 10-июнда Казань шаарында өттү Жолугушуунун катышуучулары эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалын, анын Уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирин талкуулашты жана ЖККУнун тышкы байланыштарын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу пикир алышты Тышкы иштер министрлер кеңеши Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 85 жылдыгына карата эл аралык укуктун ролун жана БУУнун Уставынын принциптерине берилгендикти күчөтүү, космосто жарыша куралданууну болтурбоо жөнүндө, ошондой эле диверсиялык жана террористтик максаттарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу коркунучуна каршы туруу зарылчылыгы жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алды Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында ушул жылдын ноябрында Орусияда өтөт


