Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын Ветеринардык кызматынын кызматкерлери тагынуучу видеорегистраторлор менен жабдылат

Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, кызматкерлердин ишинин ачыктыгын камсыздоо жана жарандардын ишенимин арттыруу максатында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан 36 тагынуучу видеорегистратор сатылып алынган. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди Бул апп

0 көрүүknews.kg
Кыргызстандын Ветеринардык кызматынын кызматкерлери тагынуучу видеорегистраторлор менен жабдылат
Paylaş:

Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, кызматкерлердин ишинин ачыктыгын камсыздоо жана жарандардын ишенимин арттыруу максатында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан 36 тагынуучу видеорегистратор сатылып алынган. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди Бул аппараттар кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткаруусун эсепке алуу үчүн колдонулат, бул мыйзам талаптарын аткарууну камсыздайт жана коррупциянын алдын алууга жардам берет Мындан тышкары, коррупцияга каршы иш-чараларды координациялоону күчөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2026-жылдын 19-майында жана 2-июндагы Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясынын отурумдары өткөрүлдү Жолугушууда коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу, кызматтын ишинин ачыктыгын камсыздоо, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды Талкуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлер жана жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн коррупцияга каршы маалыматтык брошюраларды иштеп чыгуу боюнча расмий кат даярдалды Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 05/2-17/104 буйругун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш чөйрөсүндө маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында ишке ашырылууда. 2026–2027

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler