Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы бир жаштагы баланын өмүрүн сактап калууга жардам берди
КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын кызматкерлери бир жаштагы баланын өмүрүн сактап калууга жардам беришти Түп РИИБнин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат учурунда кичинекей баланын өмүрүн сактап калууга ыкчам жардам көрсөтүштү Рейддин жүрүш

КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын кызматкерлери бир жаштагы баланын өмүрүн сактап калууга жардам беришти Түп РИИБнин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат учурунда кичинекей баланын өмүрүн сактап калууга ыкчам жардам көрсөтүштү Рейддин жүрүшүндө инспекторлор катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын ичинде сууга муунуп, дем ала албай калган 1 жаштагы бала бар экени белгилүү болду Кырдаалдын оордугуна баа берген кызматкерлер дароо чара көрүп, баланы кызматтык унаа менен тез арада медициналык мекемеге жеткиришкен. Кызматкерлердин өз убагында аракети жана дарыгерлердин ыкчам жардамынын аркасында баланын өмүрү сакталып калган, деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясы кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууда кесипкөйлүгү, чечкиндүүлүгү жана ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдирет Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясы өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандарды сабырдуулукка жана коопсуздук чараларын так сактоого чакырат


