Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Соода, логистика, инвестиция: Кыргыз-грузин кызматташтыгынын жаңы багыттары

Кыргызстан менен Грузия кызматташтыкты жаңы денгээлге чыгарууга белсенүүдө. Өлкөгө расмий сапары менен келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин сапарында жетишилген макулдашуулар кыргыз-грузин алакасын ар кыл тармакта кеңейтүүгө салым кошкону турат. Эки өлкөнүн ортосундагы аралык 4 миң

0 көрүүkabar.kg
Соода, логистика, инвестиция: Кыргыз-грузин кызматташтыгынын жаңы багыттары
Paylaş:

Кыргызстан менен Грузия кызматташтыкты жаңы денгээлге чыгарууга белсенүүдө. Өлкөгө расмий сапары менен келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин сапарында жетишилген макулдашуулар кыргыз-грузин алакасын ар кыл тармакта кеңейтүүгө салым кошкону турат. Эки өлкөнүн ортосундагы аралык 4 миң чакырымдан ашат. Эми бул аралыкты түз аба каттамдары дагы да жакындатат деп ишеним артылууда. “Кабар” агенттиги Кыргызстан менен Грузиянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгына саресеп салат Акыркы жылдары Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык кызматташтыгы артууда. Буга көрсөткүчтөр мисал болуп берет. Алсак, жылдары эки мамлекеттин товар жүгүртүүсү 2,1 эсеге жогорулаган Былтыр Кыргызстан менен Грузиянын товар жүгүртүүсү 54,4 млн долларды түздү. Мында импорт – 46,3 млн доллар, экспорт – 1,6 эсеге көбөйгөн же 8,1 млн долларга жеткен Кыргызстандан Грузиянын рыногуна мунай продукциялары, желим буюмдар, кара металл, ар түрдүү механикалык жабдуулар, транспорттук каражаттар экспорттолгон. Ошондой эле азык-түлүк жана айыл чарба продукциялары да сатылууда. Айрыкча, буурчак, жаңгак, пияз экспорттолуп жатат Ал эми Кыргызстанга Грузиядан транспорттук каражаттар, мотор майлары, суусундуктар, фармацевтикалык продукциялар, желимден жасалган буюмдар жана башка товарлар келет 2026-жылдын январь – март айларында эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү 5,7 млн долларды түздү Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыктын мындай оң жыйынтыктары менен токтоп калбай, соода жүгүртүүнү мындан ары көбөйтүү, ишкерлердин түз байланыштарын кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болууда Кыргызстан грузин тарап менен транспорт жана логистика, айыл чарба, курулуш, санариптик экономика, туризм жана башка келечектүү тармактардагы долбоорлор менен активдүү иштешүүгө умтулууда Мында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу менен Грузиянын порттук инфраструктурасын байланыштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана спорт жаатындагы алмашууларды мындан ары кеңейтүү маанилүүлүгү белгиленди Грузия туруктуу экономикалык өнүгүүнү көрсөтүп, аймактагы эң жагымдуу инвестициялык жана соода өнөктөштөрүнүн бири катары позициясын бекемдөөдө. Өлкө Европа менен Азиянын, ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы маанилүү транспорттук жана логистикалык көпүрө катары кызмат кылып жатат Акыркы он жылдыкта жүргүзүлгөн реформалардын аркасында Грузия жагымдуу инвестициялык жана бизнес климатын түздү. Өлкө экономикалык эркиндик жана бизнес жүргүзүүнүн шарттары боюнча эл аралык рейтингдерде жогорку орунду ээлейт, бул чет элдик түз инвестицияларды тартууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт Мындан улам эки өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кызматташтыкты арттырууга карай бет алышты. Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Иракли Кобахидзенин жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде авиация, мамлекеттик мүлктү башкаруу, айыл чарбасы, транспорт, спорт, билим берүү, укуктук чөйрө боюнча меморандумдарга кол коюуга жетишилди Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков соода-экономикалык алаканы бекемдөөгө мүмкүнчүлүктөр кеңири экенин белгилейт Ал жаңы документтердин алкагында иштерди жүргүзүү кыргыз-грузин мамилесин экономикалык жактан алга жылуусуна чоң салым кошорун айтты Грузия атаандаштык артыкчылыктарын бекемдөөнү, эл аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана соода, инвестиция, туризм жана туруктуу өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө басым жасап жатат. Грузиянын экономика жана туруктуу өнүктүрүү министри Мариам Квривишвилинин пикиринде, Грузияда транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Грузия байланышты чыңдоого жана транзиттик потенциалды кеңейтүүгө багытталган аймактык жана эл аралык транспорттук демилгелерге активдүү катышат Грузия экономикасы ачык-айкындуулук, жеке менчикти өнүктүрүү, инвесторлордун кызыкчылыгын коргоодо эл аралык стандарттарды колдонууга басым жасап келишет. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Алмаз Кадыралиев “Кабар” агенттигине билдирди Экономисттин баамында, Грузия мамлекеттик мүлктү эффективдүү башкарууда да алгылыктуу тажрыйбаларга ээ. Анда объекттерди жеке менчикке жөн эле сатып жибербестен, аукционду колдонуп, инвестиция тартууну жолго коё алышты Ошондой эле Алмаз Кадыралиевдин пикиринде, Кыргызстан менен Грузия туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтат. Ошону менен катар ал билим берүү тармагында алаканы арттыруу маанилүүлүгүн белгилейт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Соода, логистика, инвестиция: Кыргыз-грузин кызматташтыгынын жаңы багыттары | Tenqri