Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Түндүктө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү маселеси талкууланды

Өлкөнүн бардык аймактарында жазгы айдап себүү иштери аяктады. Быйылкы жылы дыйкандар 23,8 миллион гектар жерге үрөн себишти. Тармакты диверсификациялоо максатында дан эгиндеринин көлөмү кыскартылып, май өсүмдүктөрүнүн аянты көбөйтүлдү. Премьер-министр Олжас Бектенов Түндүк Казакстан облусуна жумушчу

0 көрүүqazaqstan.tv
Түндүктө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү маселеси талкууланды
Paylaş:

Өлкөнүн бардык аймактарында жазгы айдап себүү иштери аяктады. Быйылкы жылы дыйкандар 23,8 миллион гектар жерге үрөн себишти. Тармакты диверсификациялоо максатында дан эгиндеринин көлөмү кыскартылып, май өсүмдүктөрүнүн аянты көбөйтүлдү. Премьер-министр Олжас Бектенов Түндүк Казакстан облусуна жумушчу сапарынын алкагында мамлекет башчысынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, айыл чарба тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ата мекендик чийки затты терең кайра иштетүү боюнча тапшырмаларынын аткарылышын текшерди Тундук Казакстан областы сутту кайра иштетуу боюнча республикада экинчи орунду ээлейт. 100дөн ашык товардык сүт-товар фермалары бар. Олжас Бектенов Эсил районунун Корнеевка айылында жайгашкан чарба менен таанышты. Бул жерде бардык жумуштар заманбап техника менен аткарылат. Саан процесси санариптик платформа аркылуу башкарылат. Автоматтык система эмгек ендурумдуулугун жогорулатууга мумкундук берет Казакстан Борбордук жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ичинен шарп оорусунан таза болгон жалгыз өлкө статусуна ээ. Кооптуу оорулардын таралышы азайып баратат. Акыркы 3 жылда Түндүк Казакстан облусунда бруцеллез 12 эсеге азайган. Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 59 ветеринардык объекттин курулушуна 1,8 млрд Товар-сут-товар фермаларын енуктуруу Президенттин агроенер жай комплексинде кайра иштетилген продукциянын улушун 70 процентке чейин кебейтуу женундегу тапшырмасына жооп берет. Мындай долбоорлор азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, кайра иштетүү ишканаларын сырье менен камсыздап, айыл жергесинде туруктуу жумуш орундарын түзүүдө. Дыйкандар мамлекеттик колдоонун үзүрүн көрүп жатышканын белгилешти Биржан Шәймерденов, партнянын директору: Премьер-министрдин иш сапарынын алкагында жазгы айдап-себүү иштеринин жыйынтыгы жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча кеңешме уюштурулду. Жыйында мал чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри: Жыйында суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу, агроөнөр жай комплексин каржылоо чаралары да талкууланды. Акыркы эки жылда республикада 540 жаңы объект ишке киргизилген. Олжас Бектенов азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, ветеринардык коопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү жана жасалма интеллект куралдарын киргизүү, ошондой эле айылдын жашоо сапатын жакшыртуу багытында ишти күчөтүүнү тапшырды Премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында «Кызылжар» атайын экономикалык аймагына барып, аймактагы өнөр жай долбоорлору менен таанышты. Мамлекет башчысынын экономиканы диверсификациялоо боюнча тапшырмаларынын алкагында бул жерде тамак-аш өндүрүшү, машина куруу жана чийки затты кайра иштетүү тармактарында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда

Kaynak: qazaqstan.tv

Diğer Haberler