Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Солтобаев: Жол салуу – башка объекттерди курууга караганда алда канча татаал

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Унаа жолдорун куруу башка инфраструктуралык объекттерди курууга салыштырмалуу бир топ татаал процесс болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинин подкастында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди Анын айтымында, бул линиялык кон

0 көрүүkabar.kg
Солтобаев: Жол салуу – башка объекттерди курууга караганда алда канча татаал
Paylaş:

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Унаа жолдорун куруу башка инфраструктуралык объекттерди курууга салыштырмалуу бир топ татаал процесс болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинин подкастында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди Анын айтымында, бул линиялык конструкцияларды долбоорлоонун өзгөчөлүгүнө байланыштуу Министр ошондой эле жолчулар жер астындагы суулар жана жер кыртышынын ар кандай тыгыздыгы сыяктуу көйгөйлөргө дайыма туш болушарын баса белгиледи "Бир жерде жер астындагы суулар жарым метр, экинчисинде бир метр, ал эми дагы бир жерде жер деңгээлинен эки метр тереңдикте жатат. Андан сырткары, топурак катмарларынын тыгыздыгы да бардык жерде ар башка. Жол курууда ушунун бардыгы кылдат изилденет жана ар бир ушундай кылдат жагдайды милдеттүү түрдө эске алуу зарыл", – деп министрликтин башчысы Ал белгилегендей, эгерде долбоорлоо баскычында рельефтин же кыртыштын курамынын өзгөрүшүнө жараша ката кетирилип, туура эмес техникалык чечим кабыл алынса, бул келечектеги трассанын сапатына жана узакка чыдамдуулугуна албетте олуттуу зыян алып келет

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler