Вэнс дагы
АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс Иран менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында АКШ делегациясын жетектейт, деп билдирет CNN өз булактарына таянуу менен "Эгер сүйлөшүүлөр дагы бир бетме-бет жолугушууга алып келсе, Ирандын расмий өкүлдөрү менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын

АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс Иран менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында АКШ делегациясын жетектейт, деп билдирет CNN өз булактарына таянуу менен "Эгер сүйлөшүүлөр дагы бир бетме-бет жолугушууга алып келсе, Ирандын расмий өкүлдөрү менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында Вэнс (АКШ делегациясын) жетектейт деп күтүлүүдө", - деп билдирди телеканал Иранга каршы операциянын алдында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стивен Виткофф менен АКШ лидеринин күйөө баласы Жаред Кушнердин да боло турган экинчи жолугушууга катышаары күтүлүүдө "Трамп өзүнүн үч башкы кеңешчисине дипломатиялык чечим табууга буйрук берди... жана бул маселеде аларга ишенүүнү улантууда", - деп билдирди CNN булактары Шейшемби күнү Трамп эки күндүн ичинде Пакистанда америкалык жана ирандык тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин айткан Ошондой эле шейшембиде Associated Press агенттиги АКШ менен Иран жаңжалды токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын активдүү талкуулап жатканын кабарлады


