Жасалма интеллект окуучуларды жалкоо кылды
Калифорния университетинин, Беркли кампусунда информатика боюнча киришүү курстарынан өтпөй калган студенттердин саны кескин көбөйдү Бул маселе университетте кызуу талкууланып жатканын Modern.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка ылайык, студенттердин 35 пайызы негизги

Калифорния университетинин, Беркли кампусунда информатика боюнча киришүү курстарынан өтпөй калган студенттердин саны кескин көбөйдү Бул маселе университетте кызуу талкууланып жатканын Modern.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка ылайык, студенттердин 35 пайызы негизги информатика курстарынын биринен сынактан өтпөй калган. Бирок мурунку семестрлерде бул көрсөткүч 7 пайызга жакын болчу Мугалимдер кырдаалдын эки негизги себебин белгилешет. Алардын бири студенттердин жасалма интеллект куралдарын ашыкча колдонуусу болсо, экинчиси 1-курстун студенттеринин математика боюнча базалык билиминин начардыгы Педагогикалык жамааттын айтымында, көптөгөн студенттер тапшырмаларды аткаруу үчүн жасалма интеллект куралдарына өтө көп ишенишет. Натыйжада алар тест жана экзамен учурунда талап кылынган билимди жана көндүмдөрдү көрсөтүүдө кыйынчылыктарга туш болушат


