Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Маалымат каражаттары АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту кайра баштоонун шартын аташууда

Дипломатиялык жылыш болбосо жана Тегеран жакынкы эки күндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна жооп бербесе, АКШ Иранга каршы согуштук аракеттерин кайра башташы мүмкүн. Бул тууралуу Axios америкалык расмий булактарга таянуу менен билдирди «Америкалык аткаминерлер Тегерандан жакынкы 24-48 сааттын ичинде

0 көрүүkaktus.media
Маалымат каражаттары АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту кайра баштоонун шартын аташууда
Paylaş:

Дипломатиялык жылыш болбосо жана Тегеран жакынкы эки күндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна жооп бербесе, АКШ Иранга каршы согуштук аракеттерин кайра башташы мүмкүн. Бул тууралуу Axios америкалык расмий булактарга таянуу менен билдирди «Америкалык аткаминерлер Тегерандан жакынкы 24-48 сааттын ичинде жооп күтөөрүн айтышты», - деп жазат басылма Булактардын бири Axios агенттигине билдиргендей, тараптар азырынча келишимге келе элек, бирок ага жакын Басылманын маектештери белгилегендей: Ак үй АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга 14-15-майга белгиленген сапарынын соңуна чейин дипломатиялык жылыштарга жетишүүнү каалайт. Алардын айтымында, эгер ага чейин келишим түзүлбөсө, АКШ лидери кайрадан аскерий күч колдонууну караштырышы мүмкүн Бир күн мурун, 6-майда Трамп сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, жаңы жардырууларга уруксат берген "Эгер алар макул болбосо, жардыруу башталат, тилекке каршы, ал мурдагыдан алда канча чоң жана күчтүү болот" деди ал Мурда маалымдалгандай, Ак үй АКШ менен Иран жакын арада жаңжалды токтотуу боюнча 14 пункттан турган меморандумга кол коюшу мүмкүн деп эсептейт, ал мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн фазасын баштайт Меморандум, кээ бир булактарга ылайык, жаңжалды токтотуу жана Тегерандын өзөктүк программасы боюнча 30 күндүк сүйлөшүүлөрдүн башталышы, АКШнын санкцияларынын алынышы жана Ормуз кысыгынын ачылышы, Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу ниетинен баш тартуусу жана уранды байытууга эң аз дегенде 12 жылга мораторий жарыялоону камтыйт

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler