Бир керемет болду: Можтаба айыгып кетти
Ирандын расмий өкүлү Tasnim агенттигине Ислам Республикасынын жогорку лидери Можтаба Хаменеи алган жараатынан толук айыгып, ден соолугу жакшы экенин билдирди Кечээ CNN АКШнын чалгындоо маалыматтарына таянуу менен Хаменеи жаракат алганына карабастан аскердик стратегияны калыптандырууда маанилүү рол

Ирандын расмий өкүлү Tasnim агенттигине Ислам Республикасынын жогорку лидери Можтаба Хаменеи алган жараатынан толук айыгып, ден соолугу жакшы экенин билдирди Кечээ CNN АКШнын чалгындоо маалыматтарына таянуу менен Хаменеи жаракат алганына карабастан аскердик стратегияны калыптандырууда маанилүү ролду ойноп жатканын билдирди Чалгын кызматынын билдирүүлөрүнө караганда, Хаменеи согушту токтотуу боюнча Ирандын АКШ менен сүйлөшүүлөрүн жетектөөгө жардам берип жатат деп ишенишет АКШнын чалгын кызматы Хаменеинин кайсыл жерде экенин аныктай элек, себеби ал эч кандай электрондук байланыш каражаттарын колдонбойт. Белгилүү болгондой, аятолла аны жеке зыярат кылгандар же чабарман аркылуу кабар жөнөтө алгандар менен гана байланышат Телеканалдын маектештери ошондой эле Хаменеи алган жаракаттарынан, анын ичинде денесинин бир капталынан катуу күйүк алгандыктан жашырынып жатканын айтышты


