Казакстанда бир карыз алуучуга канча кредит туура келет?
Вице-министрдин айтымында, калктын кредиттик жүгү маселеси системалуу чечимдерди талап кылган негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда «Биринчи кредиттик бюронун аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-январына карата калктын бюрого маалымат берүүчү бардык уюмдарга карызы 27,5 трил

Вице-министрдин айтымында, калктын кредиттик жүгү маселеси системалуу чечимдерди талап кылган негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда «Биринчи кредиттик бюронун аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-январына карата калктын бюрого маалымат берүүчү бардык уюмдарга карызы 27,5 триллион теңгени түздү», - деп белгиледи ал өкмөттөгү маалымат жыйынында Көрсөткүч кийинки төлөм үчүн чегерилген сый акыны да эске алат. Бирок бул сумма жеке ишкерлердин кредиттерин, ошондой эле эсептен чыгарылган карыздарды эске албайт — Калктын кредиттик портфели ушул күнгө карата 39,4 миллион насыя менен 8,95 миллион карыз алуучу тарабынан түзүлдү. Орто эсеп менен бир адамга 4,4 кредит туура келген, деп кошумчалады Амрин Ал белгилегендей, калктын карыз жүгүн азайтуу маселеси 2026-2029-жылдарга калктын кирешесин жогорулатуу боюнча комплекстүү пландын долбоорунда эмгек акыны, жарандардын иш менен камсыз болушун жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча чаралар менен бирге камтылган Буга чейин Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов керектөө кредиттерин чектөө чаралары калкка кредиттердин өсүшүн басаңдатып, бизнести насыялоону 18%га чейин көтөрүүгө жардам бергенин билдирген


