Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Саясий баяндамачы: Баку-Брюссель мамилелери стратегиялык прагматизм этабына кадам таштоодо

Кая Калластын Бакуга сапары жана Евробиримдик менен Азербайжандын ортосунда акыркы айларда күчөгөн саясий диалог мамилелердеги прагматикалык жакындашуу баскычы катары каралышы мүмкүн. Бул этаптын негизги өзгөчөлүгү - тараптар өз ара кызыкчылыктардын негизинде кызматташууну кеңейтүүгө аракет кылып, ө

0 көрүүazertag.az
Саясий баяндамачы: Баку-Брюссель мамилелери стратегиялык прагматизм этабына кадам таштоодо
Paylaş:

Кая Калластын Бакуга сапары жана Евробиримдик менен Азербайжандын ортосунда акыркы айларда күчөгөн саясий диалог мамилелердеги прагматикалык жакындашуу баскычы катары каралышы мүмкүн. Бул этаптын негизги өзгөчөлүгү - тараптар өз ара кызыкчылыктардын негизинде кызматташууну кеңейтүүгө аракет кылып, өздөрүнүн орун алган карама-каршылыктарын экинчи планга коюуда. Мамилелер энергетика жана соода менен гана чектелбестен, аймактык коопсуздук жана логистикалык байланыштардын контекстинде системалуу болуп баратат Саясий серепчи Рашад Байрамов АЗЕРТА-га езунун билдируусунде мындай пикирин билдирди Анын айтымында, Азербайжан-Европа Биримдиги мамилелеринин учурдагы динамикасын бекемдеген негизги факторлордун бири – бул Европанын энергетикалык коопсуздукка байланыштуу өсүп жаткан муктаждыктары. Орусия-Украина согушунан кийин Евробиримдик энергия менен камсыздоону диверсификациялоону стратегиялык приоритет кылган жана бул контекстте Азербайжан ишенимдүү альтернативдүү булак катары алдыңкы орунга чыккан. Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал Азербайжанга болгон муктаждыкты арттырды. Азербайжан газынын Европа рыногуна экспортунун кеңейиши Бакунун экономикалык гана эмес, саясий салмагын да жогорулатат. Бул Брюсселдин алдында Азербайжандын энергетикалык өнөктөш статусун дагы да бекемдеп, саясий диалогду тең салмактуу кылат Р.Байрамов Кая Каллас өңдүү жогорку даражалуу европалык чиновниктердин аймакка болгон иш сапарлары Европа Биримдигинин Түштүк Кавказда дагы активдүү жана көп кырдуу саясат жүргүзүү ниетинен кабар берерин баса белгиледи "Бул жерде бир гана энергетика маселеси эмес, транспорт жана коопсуздук компоненттери да алдыга чыгат. Тактап айтканда, Орто коридор долбоору Кытай-Борбордук Азия-Кавказ-Европа байланышында Европа үчүн стратегиялык альтернативалуу жол катары каралат. Азербайжан бул коридордун негизги географиялык жана саясий түйүндөрүнүн бири болуп, Брюсселдин бул логистикалык борбору катары Азербайжандын маанилүү өнөктөшү катары өзүнүн статусун бекемдөөдө. Баку менен Брюсселдин ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсү да кыйыр түрдө аймактагы тынчтыктын күн тартибине таасирин тийгизүүдө. Байрамов Ал өз ара кызыкчылыктар жакынкы жылдарда Азербайжан-Европа Биримдиги мамилелерин стратегиялык прагматизм баскычына көтөрө алат деп эсептейт "Мунун баары Баку-Брюссель мамилелери мындан ары жөн гана кызматташуу эмес, өз ара стратегиялык муктаждыктарга негизделген тереңирээк баскычка өтүп жатканын көрсөтүп турат. Бул этап энергетикалык коопсуздук, Ортоңку коридорду өнүктүрүү жана аймактагы тынчтыктын туруктуулугу боюнча олуттуу таасир этүү потенциалына ээ", - деп кошумчалады саясий баяндамачы 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек

Kaynak: azertag.az

Diğer Haberler